Turmush — Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылынын тургуну Акылбек Абдырахманов үйүндө малина, курма, жүзүм, гилас, өрүктөрдү өстүрүп, багбанчылык менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, үйүндө 60 сотых аянты бар. Азыркы учурда мөмө-жемиштин баасы артып, кардарлар үйдөн келип алып кетишет.
«Үйдүн айланасына салкын болсун деп жүзүм тиккен элек. Анткени биз Өзбекстан менен чектеш, күн аябай ысык жердебиз. Дарактарыбыз жүзүмдөн көбөйдү. Башында анча маани берчү эмес элек. Кийин өзүбүз көчөттөрүн алып, жер аянтын көбөйттүк. 20 жылдан бери түшүм берет.
Мурда баа төмөн болчу. Азыр 1 кг 50 сомдон сатабыз. 3-4 тоннага чейин түшүм алынат. Азыр жакшы мөмө берген бөлүгү түгөндү. Үйдүн айланасындагы гана жүзүм калды. Өзүбүздө биогумус өндүрүлгөндүктөн көчөттөргө кенен салабыз. Биогумустун таасири жакшы. Мөмө жемиш жакшы даамдуу, анан көлөмү да чоң болот», - деди ал.
Багбандын жубайы Алтынай Абдырахманованын айтымында, 30 сотых аянтка малина өстүрүшөт.
«Негизи биздин Жаңы-Жер аймагында жалаң эле багбандар жашайт. Жер жаңы өздөштүрүлгөндө суу тартып, жашоочулар дыйканчылыкты колго алганбыз. Кайын атам агроном болчу. Бизге «курма, малина өстүргүлө» деп жол-жоболорун үйрөткөн эле. Ошонун айтканы менен дыйканчылыкты өздөштүрүп, үзүрүн көрүп жатабыз. 4 балабыз кичине кезинде баштаганбыз. Азыр аларды окутуп, үй-жайлуу кылдык.
Ушул аралыкта дыйкандардын эмгеги бааланбай калган учурлар да болду. Жолдошум Россияга мигрант болуп кетти. Ошондо салган акчаларын да ушул жерге сарптап, малинаны иреттеп, зым тарттык, суу тарттык. Өзбектандыктар курма тигип жатканынан биз дагы 50 түп алып, эки катарга тиккен элек. Башта өзүбүздөн артпайт эле. Кошуна, туугандарга таркатып берчүбүз. Былтыр 20 сомдон килограммын саттык. Бул мөмө арзан болгону менен түшүмү мол болот.
Малинанын түшүмү канча боло турганын билбейбиз. Ар тергенде 5-6 чара терип, жеринен сатып жиберебиз. Биогумус менен таза түшүм алынат. Жаңы сорттогу малинаны алып келип, тигип жатышат. Мен алмаштырбадым. Анткени биздин малина жакшы, чоң-чоң болот. Быйыл 1 кг 220 сомдон сатып жатабыз», - деди ал.
Багбан жубайлар 2 уул, 2 кыздын ата-энеси.