Turmush — Ош технологиялык университетине Германия коомчулугунун Орто Азия менен эл аралык кесптик билим берүү боюнча кызматташуусунун негизинде түзүлгөн GIZ долбоору боюнча атайын өкүлдөр келип кетишти.
Окуу жайдын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, университет аталган долбоор менен бир нече жылдан бери кызматташып келет. Буга чейин эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде университетте бир нече иштер аткарылган.
«Мындан аркы аткарыла турган иштерде тамак-аш логистикасы боюнча бир нече долбоордун ишке ашырылышына көңүл бурулмакчы. Анткени окуу жай көп жылдардан бери тамак-аш өндүрүшү боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдап келет. Долбоордун катышуучуларынын белгилөөлөрүнө караганда окуу жай менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен Ош технологиялык университетин пилоттук окуу жай катары шарт түзүп берүү өтүнүчү менен кайрылышмакчы. Пилоттук окуу жай болгон соң тамак-аш логистикасы боюнча бир канча долбоорлор ишке ашырылат. Ошондой эле Ош облусунун аймагында аталган багыт боюнча кесипкөй адистердин даярдалышына шарт түзүлөт», - деп айтылат маалыматта.