Turmush — Ош технологиялык университетинде жашоо-тиричилик коопсуздугу кафедрасы тарабынан Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
- Өкмөттүн буйругуна ылайык, 5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү деп жарыяланган.
Аталган кафедранын жалпы жамааты тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын өкүлдөрү окуу жайда билим алып жаткан студенттер менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун негизги максаты күнүмдүк жашоо-тиричиликте кездешкен ар кандай өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, аларды болтурбоо жана жүз берген учурда сактануу эрежелери тууралуу кеңири маалымат берүү болуп саналат.
«Анткени ата-энесинен алыстап, башка чөйрөгө туш болгон студенттер ар кандай кырдаалдарга кез келиши мүмкүн. Ошол учурдагы жасалуучу иш-чаралар менен тааныштырышты. Ал эми жашоо-тиричилик коопсуздугу багытында билим алып жаткан келечектеги инженер-куткаруучуларга бул кесип менен эмгек жолдорун улантып жатышкан инженерлер кесиптин өзгөчөлүгүн, дарыгерлер сыяктуу эле адам өмүрүн сактоо биринчи милдет экендигин белгилеп өтүштү.
КМШ мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп Россия мамлекети атуулдук коргонуу багыты боюнча адистерди даярдай баштаган. Андан соң Кыргызстанда биринчилерден болуп ОшТУ өзгөчө кырдаалдарда коргоо адистигин даярдай баштаган. Бүгүнкү күндө Ош технологиялык университети даярдап чыгарган инженер-куткаруучулар өз адистиктери менен алыскы жана коңшулаш мамлекеттерде ийгиликтүү эмгектенип жатышат», - деп айтылат маалыматта.