Turmush — 2021-жылы сабиздин баасы 100-120 сомго чейин кымбаттаган. Быйыл дыйкандар сабиздин наркы өтө төмөндөп кеткенин айтып жатышат. Кадамжайдагы Айдаркен аймагындагы дыйкандар гектарлап сабиз айдап келишкен.
Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнө караштуу Кичи-Дыйкан айылынын тургуну Улукбек Нарматовдун айтымында, жылдан жылга дыйкандар мурдагыдай гектарлап сабиз айдабай калды. Анткени алардын эмгеги акталбай жатат. Нарматов быйыл 30 сотых аянтка сабиз өстүргөн.
«Дыйкандарга мүмкүнчүлүк жок. Эптеп өстүрүп, сатканда жалынып сатасың. Айыл чарба башкармалыгынын бизге жардамы тийбейт. Картошка деле ошондой. Дыйкандарга кыйын. Экспорттоо түшүбүзгө да кирбейт. Эптеп таанышы, шарты барлар Айдаркенге жакын Өзбекстандын Сох деген жерине алып кирип, тапшырышат. Калганы Ош, Жалал-Абад, Өзгөн айылдарга кичине тыйын кошуп сатышат. Чоң унаалары барлар карызга алып, сатып келип, акчасын беришет. Сабизге кеткен чыгымын эсептегенде дээрлик актабайт. Өлбөгөн жанга эптеп эгип, тиричилик кылышат. Эмнеге бизде дыйканга кыйынчылык жарала берет? Жер семирткичтин бир кабы 2 миң сомдон жогору. Отоо иштерине ар бир жалданган жумушчуга 500 сомдон 1000 сомго чейин кетет. Трактор сотыхын 100 сомдон айдап, арык алышы 60 сомдон болот. Бышканда кайра казуу үчүн бир адамды 1000 сомдон жалдайсың. Ар кимге жалынып, дүң баада 12-15 сомдон сатабыз», - деди Улукбек Нарматов.
Улукбек Нарматов өткөн жылы жергиликтүү дыйкандар өстүргөн сабиздин чоңдорун дүң баада 100 сомго чейин, майдасын 20-45 сомдон сатканын кошумчалады.
Ушул тапта Айдаркен айылында дыйкандар сабиз казып, түшүм жыйнап жатат. Айрымдары ордунан дүң баада сатып жиберсе, көпчүлүгү атайын орого көмүп коюшат. Алар сабизди кышында чиритпей сактап, наркы көтөрүлүшүн жазга чейин күтүшөт.
Баткен облусунда Айдаркенде өстүрүлгөн сабиздер өзгөчө баалат. Базарда өтүмдүү, даамдуу болот дешет. Базарда палоо басканга деп атайын Айдаркен сабизин издегендер көп.