Turmush — Ош облусундагы 5 бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Дамир Калыкбердиев билдирди.
Бала бакчалардын тизмеси:
- Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнүн Кердегей айылына 90 орундуу бала бакча курулду, жакында пайдаланууга берилет. Курулушу 2015-жылы башталган. Тендердик баасы — 31 млн 202 миң сом.
- Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Талдык айылында 60 орундуу бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Курулушу 2015-жылы башталган. Тендердик баасы — 23 млн 469 миң сом.
- Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Учар айылында 50 орундуу бала бакча курулду, декабрь айына чейин пайдаланууга берилет. Курулушу 2019-жылы башталган. Тендердик баасы — 17 млн 355 миң сом.
- Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнүн Кашкалдак айылында 120 орундуу бала бакча курулуп, пайдаланууга берилүү алдында турат. Курулушу 2015-жылы башталган. Тендердик баасы — 32 млн 432 миң сом.
- Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүндө 75 орундуу бала бакча курулуп, пайдаланууга берилүү алдында турат. Курулушу 2015-жылы башталган. Тендердик баасы — 21 млн 952 миң сом.