Turmush — Жалал-Абад шаарында жашаган 29 жаштагы Данияр Асилбеков 3 гектар жерге өстүргөн алма багынан түшүм ала баштады. Ал алмаларды чет өлкөгө экспорттоо ниети бар экенин Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.
Анын айтымында, бак түптөгөн алгачкы жылдары кыйынчылыктарга кабылган.
«Өзүм Ош облусунун Кара-Кулжа районунан болом. Кесибим боюнча юристмин, ушул тапта Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетте студенттерге сабак берем. Атам чарбакер киши, мен бала кезден атам менен чогуу жүрүп, көп нерсени үйрөнгөм. Бак тигүүгө чейин бал чогултуу менен алектенчүбүз. Күз мезгили келгенде бал челектерди үйдө кармап, эрте жазда кайра жайлоого алып барып, анда өндүрүлгөн балды сатыкка чыгарчубуз.
2020-жылы дүйнө жүзүн каптаган коронавирус илдетинен улам бизде да окуу жайлар жабылып, өндүрүштөр токтоду. Ошол учурда 3 гектар жерге алма тигүүнү колго алдык. Бул сунушту атамдын кесиптеши айтып, биздин үй-бүлөгө тиешелүү болгон жерге 3300 даана алма көчөттөрүн тигип, бүгүнкү күнү 2700дөй түп көчөт көктөдү. Ага чейин бул жерге малга тоют катары беде, жүгөрү айдап, чөбүн алчубуз. Бак тиккен соң жалаң көчөткө кызыгып, ага кам көрө баштадык. Бул бактын айырмачылыгы — интенсивдүү бак. Себеби мында жалаң гана бат жетилип, тез түшүм берген көчөттөр эгилген. Бакта алманын «старкримсон», «голден делишес» сорттору, алмуруттун «талгарская красавица» сорту, жаңгактын көчөттөрү тигилген», - деди ал.
Жаш багбан көчөт өстүрүүнүн түмөн түйшүгү бар экенин, ага жаш баладай кам көрүү керектигин айтат.
«Бак тиккенге чейин багбанчылык тууралуу таптакыр түшүнүк болгон эмес. Мындан улам күн сайын интернеттен же тажрыйбалуу багбандардын кеп-кеңешин угуп, дарактарга кам көрүп келе жатам. Бул өсүмдүктүн дарагы анчейин бийик болбошу керек экен. Ошол себептен жылына эки ирет, күзүндө жана жазында кыркып туруу зарыл. Мындан сырткары буларга да оору жугат. Анын баарын тажрыйбасы мол багбандардын кеңеши менен дарылап жатам. Буга чейин айтып өткөндөй, интенсивдүү бак болгондуктан кам көрүүгө көпчүлүк багбандардын түшүнүгү жете бербейт. Мындан улам адистерди кошуна Өзбекстан мамлекетинен чакыртып, жол-жоболорун үйрөнүп жатам.
Быйыл бактын түптөлгөнүнө экинчи жыл болуп жатат. Ал арада ушул күнгө чейин 500 киллограммдай түшүм алдым. Түшүмдү жергиликтүү базарга алып чыгуудамын. Мындагы көчөттөр 3-4 жылда кадимкийдей түшүм берип калат. Быйыл 380-430 граммдык алмалар байлады. Буюрса кийинки жылдары түшүмдүүлүк артат деп жатам. Негизинен бизде сугат суу тартыштыгы байкалат. Ошондуктан алдыда атайын тамчылатып суугарууну колго алам. Суу үнөмдөлүп, дайыма суу ичип турган бак мол түшүм берет», - дейт Данияр Асилбеков.
Алдыда алма багына биогумс менен кам көрүп, таза алма өстүрүп, чет өлкөгө сатыкка чыгаруу максаты бар экенин айтты.
Багбан учурда 1 баланын атасы.