Turmush — Тажикстан тараптын куралдуу кол салуусунан кийин Баткен районунун Ак-Сай, Капчыгай айылдарында өрттөлгөн үйлөрдү бузуп, тазалоого 300дөн ашык ыктыярчы келди. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аталган айылдарда жүрүп жаткан жумуштар менен жеринен таанышты.
Ыктыярчылардын басымдуу бөлүгү Кадамжай шаарынан жана Кадамжай районунун айыл аймактарынан келген. Кадамжай шаарын мэри Бакытбек Бегалиев жана Кадамжай райондук администрациясынын жетектөөчү кызматкерлери жетектеген ыктыярчылардын тобу күйүп, жашоого жараксыз үйлөрдү тазалап, курулушка даярдап жатышат.
«Кадамжай шаарынан 25 адам келдик. Анын ичинде Кадамжай шаардык мэриясынын кызматкерлери бар. Кадамжай районунун ар бир айыл аймагынан 15-20дан адам келди. Жалпы 300гө чукул ыктыярчы бар. Биз үйлөрдүн ичиндеги темир, жыгачтарын алып, тазалап берип жатабыз. Калганын ӨКМдин кызматкерлери сүрдүрүп, жаңы үй курууга даярдап жатат. Буюрса 10 күн аралыгында тазаланып, курулуш иштерине даяр болот», - деди Бакытбек Бегалиев.
Андан сырткары Баткен райондук суу чарба ишканасынан 20дан ашык кызматкер тартылды.
Куралдуу кол салуунун кесепетинен Баткен облусундагы чек арага жакын жердеги 618 турак жай өрттөлүп, талкаланган. Анын ичинен 453 үй кайра курулуп, калган 165 үй капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.
------------------------------------------
Акыркы маалыматтар боюнча, чек арадагы куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 62 адамга жетти, алардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркагандардын жалпы саны — 198 адам. Алардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.
- Каза болгон жарандардын алдын ала тизмеси бул шилтемеде.
14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып баштаган. 17-сентябрга чейин абал чыңалган деп бааланды. Тажик тарап чек ара тилкелеринде ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, ок атууну токтоткон эмес.
Баткен облусунда 136 миң 770 адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга эвакуация болууга мажбур болушту.
Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап оор техникаларды — танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонгонун билдирген.
«Кыргызстандын аймагына болгон куралдуу кол салууга сакалчан, кайсы бир аскердик бөлүккө таандык белгиси жок, кара түстөгү аскердик кийим кийген, сыртынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсүндөй (жалданма жан кечти) көрүнгөн эркек кишилер аралашты», - деп айтылган УКМКнын маалыматында.
Тажикстан Баткен облусуна гана эмес, Ош облусуна да кол салды.
18-сентябрда гана абал турукташты.
Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун инфратүзүмү талкаланды.