Turmush — Талас шаарынын 24 жаштагы тургуну Нурлан Осмоналиев абердин-ангусс породасындагы уйларды көбөйтүп жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча технолог.
«Мектепти аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине кабыл алынып, ал жактан технолог адистигине ээ болдум. Бирок өзүм кичине кезимден мал чарба, айыл чарбасына кызыгам. 5-классымдан баштап атамды ээрчип жүрүп, ушул багытта тажрыйба топтолду окшойт. Толук кандуу ушул айыл чарба багыты менен иштеп жатканыма 5 жыл болуп калды. Азыр тажрыйба топтоо, аны башкаларга үйрөтүү мен үчүн кубанычтуу. Азыр заман талабына ылайык эл малды таза кандуу, эттүү, сүттүү деп тандап калышты. Биз дагы бул тенденция менен абердин-ангусс породасындагы уйларды багып баштадык. Булар эт багытындагы уйлар. Башында буйрутма менен ушул породадан 85 баш уй алдырганбыз. 3 жылдан бери багып жатабыз.
Биринчи жылы тажрыйба жок, бул уйларды кадимки уйдай кылып чөп менен бакканбыз. Бирок бул эт багытындагы уй болгондуктан, буларга андай жөнөкөй чөп түтпөйт экен. Ошондуктан силос жасап баштадык. Муну атайын семинарга барып үйрөнүп келдик. Силос жүгөрү менен жасалат. Жүгөрүнүн сорту биринчи жылы Америкадан алынып келген. Ошол жылы Таласта жүгөрү чапкан техника жок болуп, Чүйдөн техника алып келип чаптырдык. Биз чабыкта кечигип калып, силос ойдогудай болбой калган. 9 гектар жүгөрүдөн 350 тоннага чейин жүгөрү силосун алабыз деп ойлогонбуз. Андай силос чыкпай, жүгөрү кеч чабылып, кургап, түшүмү өтө аз болуп калган. Негизи силос быша элек кезинде жасалат. Жүгөрү сүттүү кезинде деп айтабыз. Мурунку учурда силосту ямада жасашса, азыр түз эле жерде, өзүнүн технологиясы менен жасайбыз. Учурда силоско кызыккан, өндүрөм деген дыйкандар көп.
Абердин-ангусс уюнун өзгөчөлүгү кичинекей болуп туулганында. 15 кг болуп туулган торпок 3 айында 100 кг жетет. Тамак-ашы кенен болуп, жакшы багылса, кунан кезинде 500-600 кг кем болбойт. Жөнөкөй уйларга караганда эти мрамор болот. Бир кабаты май, бир кабаты эт болуп тизилип турат.
Бизде 1 жашка чейинки уйлар 100 миң сом. 1 жаштан жогору уйлар салмагына жараша сатылат. Бул уйдун дагы бир өзгөчөлүгү тоют тандабай, бардык жемди жей бергенинде. Мага ошол жагы жакты», - деди ал.
Фермер жигит менен жубайы 1 кыздын ата-энеси.