Turmush — Ош технологиялык университетинде Баткенден келген үй-бүлөлөрдүн балдарына оюн-зоок уюштурулду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара табигый-техникалык факультетинин студенттери тарабынан уюштурулуп, Н.Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театры менен биргеликте кичинекей балдар-кыздарга жагымдуу маанай тартуулашты.
«Мында уюштуруучулар тарабынан балдарга ыр, бий сынактары, оюн-зооктор уюштурулуп, белектер берилди. Ар бир жаш балага бактылуу балалык, чың ден соолук каалашты.
Университет бул багытта көп иштерди жасап келе жатат.
Ошондой эле Ош технологиялык университетинин штабы бүгүнкү күндө тынымсыз иштеп жатат. Учурда штабка окутуучулар, студенттер азык-түлүк, кийим- кече керектүү гигиеналык каражаттарды алып келип, акчалай дагы жардам көрсөтүүдө.
Окуу жайдын жатаканаларында Баткендин Тажикистан менен чектешкен айылдарынан эвакуацияланып келген, жарандар жайгаштырылган. Аларга үч маал ысык тамак берилип, керектүү жууп тазалоо каражаттары, кийим-кече менен камсыздалды. Ошондой эле үй-бүлөлөргө, жаш балдарга биринчи психологиялык жардамдар берилди.
ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун психологдору Баткенде жардам берүүдө. Бишкекке учак аркылуу учкан 4 жарандын жол акылары ОшТУнун окутуучулары тарабынан төлөндү.