Turmush — Кечээ, 19-сентябрда Ош мамлекеттик университетинин жатаканасына эвакуацияланган Баткен шаарынын тургуну көз жарды.
Окуу жайдын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 1994-жылы туулган Каныкей жатаканадан кечээ керектүү каражаттар менен камсыздалып, төрөт үйүнө узатылган.
Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров, «ОшМУ Баткен менен» штабынын жетекчиси Жылдыз Артыкова көз жарган келинден кабар алды. Ымыркайга Эламан деген ысым ыйгарылды.
«Баткен шаарында турабыз. Бүгүн минтип төртүнчү перзенттүү болдук. Эламан деп ат койдук. Эл-журтубуз аман болсун. Кубанычымда чек жок, сүйүнүп отурам. Кайрымдуу элибизге ыраазычылык билдирем», - деди ымыркайдын атасы — Баткен шаарынын тургуну Абдуллаев Тынчтыкбек.
Буга чейин Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылынын 26 жаштагы тургуну Бурулай Абдырахманова Ош шаардык төрөт бөлүмүндө көз жарган.
Тун уулу Элеман 19-сентябрда таңкы саат 04:45те жарык дүйнөгө келген.