Turmush — Бүгүн, 19-сентябрда Ош технологиялык университетинин административдик кеңешинин кезексиз жыйыны уюштурулуп, Баткен элине жардам берүү жана кол сунуу маселелери каралды.
Окуу жайдын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жыйында окуу жайдын ректору Жанболот Турсунбаев бир катар маселелерге токтолду.
- президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 19-сентябрь Кыргыз Республикасында Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган. Улуттук аза күтүү күнүнө карата аскер кызматкерлеринин эрдиктерин эскерүү менен студенттерге ачык куратордук тарбиялык сааттарды өтүү.
- Баткен мамлекеттик университетинин техникалык багытта окуган студенттерин академиялык мобилдүүлүк менен Ош технологиялык университетинде окутуу мүмкүнчүлүгүн кароо.
- Жабыркагандарга колдоо көрсөтүү максатында кан тапшыруу.
- Чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугун карап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Мындан сырткары университет эвакуацияланган жарандарга башпаанек уюштуруп, тамак-аш, тиешелүү каражаттар менен камсыз кылууда. Учурда 100дөн ашуун жаран окуу жайдын жатаканасында турушат. Аларга 3 маал ысык тамак уюштурулуп жатат.
Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү үчүн окуу жайдагы эмгек жамаат бир күндүк айлык маяналарын бөлүп берди.
Гуманитардык жардамдарды топтоо уланууда.
Байланыш үчүн телефондор: 0777 144 124 (Рамис), 0777 485 042 (Бектур).