Turmush — Ноокат шаардык мэриясында муниципалдык жаштар борбору түзүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жаштар борборунун комитети билимүү, коомдук иштерге активдүү катышкан, жигердүү жаштарды өзүнүн курамына кабыл алат.
«Бир жыл бою өзүнүздүн идеяңызды айтып, жаштар арасындагы жана жергебиздеги орчундуу болгон көйгөйлөрдү чечүүгө салымыңызды кошуңуз. Бул убакыт ичи өзүнүн аракетчилдиги менен башкалардан айырмаланган, эң көп сунуш киргизип, анын ишке ашуусуна түздөн-түз катышкан жаштарга Ноокат шаардык мэриясынын ардак грамотасы жана стипендиясы тапшырылат», - деп айтылат мэриянын жарыясында.
14 жаштан 35 жашка чейинки, соттуулугу жок Кыргыз Республикасынын жөндөмдүү жараны, ошондой эле муниципалитеттин аймагында жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөсү талапкер боло алат.
Жаштар борборунун комитетинин мүчөсүнө талапкер төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:
- түзүлгөн комитеттин мүчөсү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги менен тыгыз тууган болбошу керек (айыл өкмөтүнүн башчысы, анын орун басарлары же жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан);
- ЖБнун директорунан башкасы мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болбошу керек;
- кемчиликсиз ишкердик беделге ээ болуу;
- жергиликтүү жаштар менен иштөө боюнча көз караш, идеялар же сунуштар болушу керек;
- жигердүү коомдук иш-чараларды өткөрүү, жарандык демилгелерде тажрыйбага ээ болуу.
Сынакка катышуу үчүн талапкер төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
- жаранды өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арыз же юридикалык жактын же жарандардын жана/же юридикалык жактардын бирикмелеринин муниципалитеттин башчысынын атына талапкерди ЖБнун тиешелүү комитетине киргизүү сунушу, келтирилген жүйөлөр каты жана ошол каттын негизинде талапкерди ЖБнун комитетине киргизүү сунуш кылынат;
- автобиографиялык маалыматтарды көрсөтүү менен бирге талапкердин билими, кесиптик иш тажрыйбасы жана коомдук иштери жөнүндө сүрөт менен кошо маалымат (резюме);
- талапкердин ЖБнун комитетинин ишине катышуусу жөнүндө көз карашын сүрөттөө (эссе);
- кеминде эки сунуш кат.
Документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 19-сентябрына чейин чейин жүргүзүлөт. Ангемелешүү күнү: 2022-жылдын 21-сентябры саат 10:00. Ноокат шаардык мэриясынын 3-кабатындагы жыйындар залы.
Сурап-билүү үчүн: 0554 151440