Turmush — Ак-талаалык тургундар Тоголок Молдо айылына алынып келген абердин-ангусс породасындагы букалар боюнча прокурор Курманкул Зулушевге даттанышты.
Тоголок Молдо айылынын тургуну Эркинбек Бугубаевдин айтымында, сатылып кеткен букалардын орду турган эмес.
«АРИС менен абердин-ангус породасындагы 2 бука алынып келген. Азыр бука жок. Андан тышкары, 3 жыл мурун ушул эле абердин-ангусс тукумундагы 5 бука келген. Ушул 5 бука боюнча 3 жылдан бери соттошуп жүрөбүз. Сатып келген киши дагы, сатып жибергени дагы, АРИС программасы боюнча иш алып барган киши дагы ушул жерде, айылда. Бирок, сот, прокуратура эч чече албай койду», - деди ал.
Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров: «Бука боюнча сотко берилген», - деди.
Буга чейин Turmush басылмасы 2018-жылы Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылына «Абердин-ангусс» тукумундагы 130 миң сомдук 1 жаштагы букалар алып келгенин жазган.
Жайыт комитетинин маалыматына караганда, АРИСтин «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1» долбоорунун алкагында 1 жаштагы 5 бука алынган.
«Бодо малдардын асыл тукумдуулугун арттыруу үчүн жайыт комитетине эт багытындагы 5 буканы Кочкор районундагы мал фермасынан алып келдик. Булар атайын даярдалган жерде багылууда. Бир уйга кошуп, төл алуу үчүн 1 миң сомдон баасын койдук. Мунун 500 сому букалардын тоютуна сарпталса, ал эми калганы ошол букаларды багып, карап жаткан адамдын айылыгына деп бөлдүк. Күүгө келген уйларды кошуу үчүн алгач уйлар ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүлөт. Оорусу бар уйлар болсо кошконго болбойт», - деп билдирген аталган түзүм.
Кийин букаларды сатып, пайда табуу боюнча эки адам айыпталган. Тергөө органдарынын маалыматтарына караганда, Надыр менен Марат (аттары өзгөртүлдү) 2018-жылдын 29-майында Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Т.М.нын ишеничине кирип, айыл өкмөттүн балансында турган абердин-ангусс тукумундагы 5 баш буканы (бир баш буканын баасы 130 000 сомду түзөт) багууга алып кетишкен. Кийин айыл өкмөттүн балансында турган букалар экенин билишип, аларды айыл өкмөттүн ээлигинен чыгарышкан. Андан кийин букаларды сатып, акчасын өз кызыкчылыктарына колдонуп жок кылышкан. Анын кесепетинен Тоголок Молдо айыл өкмөтүнө 650 000 сом зыян алып келишкен.
Бирок алардын күнөөсү далилденбегендиктен Ак-Талаа райондук соту 2019-жылдын 24-сентябрында Марат менен Надырды актап, Нарын облустук соту бул өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.
Маалымдама:
Абердин-ангусс породасындагы мал эт жана сүт багытында багылат. Мындай тукумдагы уйлардын орточо салмагы 600-700 кг. Эң чоң бука 1,5 тонна, эң чоң уй 800-900 килограммга чейин барат.
Соттун чечимдерин Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыз.