Turmush — Социалдык тармактарда Алай аймактык ооруканасындагы эскилиги жеткен тез жардам унааларын эсептен чыгарууда атайын жобонун талаптары аткарылбаганы тууралуу маалымат тараган. Аталган оорукананын жетекчиси Талантбек Белекбаев бул окуя боюнча комментарий берди.
Анын айтымында, аталган маалымат бир тараптуу каралоо, унааларды эсептен чыгарууда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Эсептен чыгарылган техникалардын алды 20-30 жыл кызмат кылган. Аларды Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын буйругунун негизинде темирге өткөрүшкөн.
«Алардын тетиктерин алып калган учурда да пайдасы тиймек эмес. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен бириккенибизге 1,5 жыл болуп жатат. Кошулганга чейин аталган унаалар үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун каттоосунда турган. Ошол жактан министрликтин буйругу менен эксплуатациясы мөөнөтү жеткендиктен эсептен чыгарылган. Андан кийин бизди бириктиришти. Бул техникалардын эскилерине 20-30 жыл болду. Ар бир техника эскирет, 20-30 жылдан кийин өзүнүн фукциясын аткара албай калат. Ошондуктан биз министрликке жөнөтүп, комиссия түзүлүп, ал жактан буйрук келип, өзүбүздө комиссия түзүлүп, ошонун негизинде кара металлга тапшырылган. Мамлекетке эч кандай зыян келтирилген эмес. Бизди каттоодо турган же бейтап ташып жаткан унааларды сатып жиберди деп күнөөлөгөн туура эмес. Бул кара пиар деп эсептейм», - деди Талантбек Белекбаев.
Аталаган оорукананын юристи Темир Кайназаров эскилиги жеткен тез жардам унааларын эсептен чыгаруу мыйзам боюнча жүргүзүлгөнүн айтат.
«Министрдин буйругу менен чыгарылган. Себеби мамлекеттик ишканалардын балансында турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо бар. Ошол жобонун негизинде бардык көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген. Жобонун негизинде иш алып барылган. Эгерде талапка жооп бербеген болсо, укук коргоо органдары тарабынан каратып, текшертип алса болот», - деди юрист.
Оорукананын жетекчиси Талантбек Белекбаев темирге өткөрүлгөн техникалардын бардык документ кагаздары оорукананын бухгалтериясында тиркелүү экенин кошумчалады.
Жумабай Орозбеков 43 жылдан бери аталган ооруканада механик-айдоочу болуп эмгектенип келет. Анын айтымында, эсептен чыгарылган тез жардам унааларынын темирлери чирип, талапка жооп бербей калган. Аларды Ош шаарына алып келип, жободо көрсөтүлгөндөй темирге өткөрүү үчүн өтө көп суммадагы акча каражаты жумшалмак.
«Техникалардын абалы азыркы талапка жооп бербейт эле. Ал техникалар менен бейтап ташысаң өлүп калат. Унаалар тешилип калган. Союздун эски «УАЗдары» болгон. Азыр эски «УАЗдар» кандай абалда жүрөт? Ал унаа менен 80 чакырым жүрүп, бейтапты Ошко алып барсаң өлүп калбайбы? Аларды Ошко алып барып, темирге өткөрүү үчүн чоң суммадагы каражат жумшалмак. Азыр бардык жерде темирди бир эле баада алат», - деди Орозбеков.
Бүгүнкү күндө Алай району боюнча жалпы заманбап 6 тез жардам унаасы бар. Талантбек Белекбаев жетекчи болуп дайындалган соң анын жакындары оорукана үчүн демөөрчүлүк кылып, Германияда чыгарылган атайын жабдылган эки тез жардам унаасын белекке беришкен. Бул тез жардам унаалары менен оор абалдагы бейтаптар Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилет.
«Жакындарым Алайдын элине кызмат кылсын деп жасалма дем алдыруучу аппарат жана башка жабдуулар менен жабдылган эки тез жардам унаасын белек катары берген. Алардын баасы да жогору. Мамлекетке зыян келтирген эмесмин. Ооруканага жетекчи болгондон бери көптөгөн бөлүмдөрдү курдум, бейтаптар үчүн жакшы шарттарды түздүк. Биз эл үчүн кызмат кылып жатабыз», - деди ал.
Ушул тапта ооруканада чет өлкөдө жасалуучу оор операциялар жасалып жатат. Бишкекке барып, дартына даба таппай келген бейтаптар аталган ооруканадан айыгып жатканын айтышты. Алардын бири Ахмат Жаңыбаев боор оорусуна — альвеококкоз илдетине чалдыккан. Ал буга чейин бир катар ооруканаларга кайрылганда дарыгерлер Индияга барып, боорду алмаштыруу керек экенин айтышкан.
«Акыры бул жакка келип, Талантбек Белекбаевге кайрылдым. Өзү операция жасады. Азыр Кудайга шүгүр, операциядан жакшы чыктым. Абалым жакшы. 5-6 айда жакшы болуп чыктым. Башында Ошто УЗИге түшкөнүмдө «бооруңду курт жеп коюптур. Индияда бооруңду алмаштырасың» дешти. 2-3 жерге бардым. Талант байкени угуп, кайрылдым. Индияга 40 миң доллардын тегерегинде акча кетет дешти. Менде андай каражат жок эле», - деди Жаңыбаев.
Учурда Алай аймактык ооруканасында Ахмат Жаңыбаевге окшоп Кыргызстандын булуң-бурчунан келип, бооруна операция жасаткандар арбын. Алардын көпчүлүгүнө башка дарыгерлер чет өлкөгө барууга сунушташкан, бирок каражат жоктугунан барбай калышкан.
Талантбек Белеков 2011-жылдан бери боорго эң оор деген операцияларды жасап келет.