Turmush — Ош шаардык прокуратурасы тарабынан «Шаар куруу жана архитектура» мыйзамынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, текшерүүдө Ош шаарындагы «Токтогул» эс алуу паркынын аянтына Н.Т. аттуу жаран Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган жер аянтына 3 кабаттуу «Изюм» конок үйүн мыйзамсыз түрдө куруп алгандыгы аныкталды.
«Ал эми мурдагы Мамэкотехинспекциясынын регионалдык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери жеке пайда табуу максатын көздөп, парктын ичине капиталдык курулуш мыйзамсыз жүргүзүлгөндүгүн билип туруп, конок үйүн пайдалануу үчүн кабыл алышкан. Бул факты боюнча «Изюм» конок үйүнүн ээси Н.Т. жана мурдагы Мамэкотехинспекциясынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери уланууда», - деп айтылат маалыматта.
«Изюм» конок үйү «ИZЮМ» кафе-барынын жанында жайгашкан. Бул жай социалдык тармактарда ресторан катары позицияланат. Жетекчиси — Досбаева Улфат Жоробаевна.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Улфат Досбаева — «Изюм групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси. ЖЧКнын негизги ишмердүүлүгү: билим берүү тармагындагы көмөкчү ишмердүүлүк. Компания 2018-жылы 19-сентябрда кайра каттоодон өткөн.
«ИZЮМ» ресто-барын Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев менен байланыштырып келишет.
Ош шаарында соода объектилеринин (саламаттыкты сактоо, соода, коомдук тамактануу жайлары жана башкалар) ишмердүүлүгүндө контролдук-кассалык машиналардын (ККМ) болушун жана иштешин текшерүү боюнча рейд өткөрүлүп жатат. Алардын бирине Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Майрамбек Карыбеков, мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн адистери, Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Алар «ИZЮМ» ресторанына да барышты.