Turmush — Бүгүн, 13-сентябрда Ош технологиялык университетинде Бүткүл дүйнөлүк программисттер күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Гумантардык-технологиялык колледжинин информатика, прораммалоо жана байланыш кафедрасынын жалпы жамааты тарабынан маалыматтык технология багытында билим алып жатышкан студенттеринин ортосунда атайын коюлган шарттардын негизинде сынак уюштурулган. Бул иш-чаранын негизги максаты IT тармагын тандап келген 1-курстун студенттерин бул кесиптин өзгөчөлүгүнө багыттоо, аларды салтанаттуу түрдө студенттик катарга кабыл алуу, бул багыттын орду тууралуу келечек муундарга так маалымат берүү болуп саналат.
Бул иш-чарага шаардагы IT тармагында иш алып барган борборлордон коноктор келип, окууда мыкты студенттерге окуу курстарынан отуз пайыздык арзандатуу сертификаттарды тапшырышты.
Гуманитардык-технологиялык колледжи 2004-жылдан тартып миңдеген орто билимдүү адистерди даярдады. Бүгүнкү күндө бул адистикти бүтүргөндөр алыскы жана коңшулаш чет өлкөлөрдө эмгектенип жатышат.