Turmush — Ар кандай себептерден пайда болгон зааранын токтобой калышы эркектерде, айымдарда, улуу курактагы жарандарда жана жаш балдарда кездешет. Дарыгерлер бул учурда урологиялык, неврологиялык, гинекологиялык себептерин аныкташат.
Бул көйгөй убактылуу болуп же көпкө да созулушу ыктымал эмеспи. Бирок кандай гана учур, кандай гана кырдаал болбосун жардам берүү үчүн Seni соода маркасы атайын комплекстүү түрдө урологиялык каражаттарды (урологиялык прокладка) иштеп чыгарган.
Seni — заара токтобой калган учурда пайдаланылуучу гигиеналык жана косметикалык каражаттардын түрүн чыгарган дүйнөдөгү ири өндүрүүчүлөрдүн бири.
Анын ичинен бардык курактагы айымдарга ылайыктуу «Seni lady» урологиялык прокладкалары менен кеңири тааныштырабыз.
Кадимки гигиеналык прокладка менен урологиялык прокладканын аткарган кызматтарын айырмалап карап көрөлү. Айыз менен зааранын курамындагы заттар айырмалангандыктан ар бирине өзүнө тиешелүү кам көрүшүбүз керек. Бул учурда урологиялык прокладка гигиеналык прокладкадан суюктукту көп өлчөмдө, бат сиңирүү жана узак убакыт бою билгизбей сактап туруу жөндөмдүүлүгү менен айырмаланат.
Ыңгайлуу шарттарын санап баштасак, «Seni lady» прокладкаларынын бир нече өлчөмү жана бир катар түрлөрү даярдалган.
Бардык айымдарга ылайыкталгандыктан кыймылда болгон жана кыймылда болбогон учурда да аба өткөрүп турганы ыңгайлуулук. Ошондой эле прокладканын анатомиялык формасы ич кийимге жакшы жайгашып, кийимден дээрлик байкалбайт. Кездемеси да жука болгондуктан териге жагымдуу шарт жаратып, комфорттуу болот. Адистер «Seni lady» прокладкаларынын үстүнөн иштеп жатканда денеге ашыкча түйшүк жаратпай, ар кандай аллергиялык көрүнүштөр болбосун деп эске алышкан.
Ошондой эле прокладкадагы суперабсорбенттер зааранын жытын жөнгө салып, жагымсыздыкты жоёт. Андагы EDS өзгөчө катмары тез жана тегиз сиңирүү функциясын аткарып турат.
«Seni lady» прокладкаларынын сырткы көрүнүшүн кадимки гигиеналык прокладкаларга окшоштурушуңуз мүмкүн. Бирок «Seni lady» прокладкаларынын суюктукту сиңирүү жөндөмдүүлүгү бир нече эсеге жогору. Аны менен катар урологиялык прокладка суюктукту узак убакытка чейин ички бетинде сактап, жагымсыз жытты да чыгарбайт. Көпкө пайдаланылгандыктан каражатты да үнөмдөйт.
«Seni lady» прокладкаларын заара токтобой калган жеңил, орто жана оор деңгээлдеги абалда, ошондой эле төрөттөн кийинки күндөрү да пайдаланышат.
«Seni lady» прокладкаларында латекс элементтеринин жоктугун да белгилей кетели. Ошондуктан денедеги ар кандай жагымсыздыктарды, кычышуу, ачыштыруу сыяктуу дискомфорттуулукту алдын алат. Урологиялык прокладканын өлчөмү чоңойгон сайын суюктукту сиңирүү жөндөмдүүлүгү да жогору болот. Прокладканын өлчөмү тууралуу айтсак, адистер суюктукту сиңирүү мүмкүнчүлүгү түрдүү болгон бир нече түрүн иштеп чыгышкан.
Урологиялык прокладканы пайдалангандан кийин кадимки прокладка сыяктуу эле ачык калтырууга же дааратканага (унитаз) таштоого болбойт. Терини, ич кийимди, шейшепти, жууркан-төшөктү таза сактоого жардам берген «Seni lady» урологиялык прокладкасы бир жолу колдонууга ылайыкталган. Үйдөн сыртка чыгып жаткан учурда «Seni lady» урологиялык прокладкасынан камдап алсаңыз, кам санабай жүрө берсеңиз болот.
«Seni lady» урологиялык прокладкасы бассейнде да жардам бере алат. Ал учурда полиуретандан жасалган ич кийим менен колдонуңуз.
Урологиялык «Seni lady» прокладкасы — ыңгайлуулукту, комфортту сүйгөн жана активдүү жашоо образындагы, ошондой эле бардык курактагы жана бардык абалдагы айымдар үчүн.