Turmush — Ош технологиялык университетинде «Седжон Хагдан» корей борборунун күзгү семестринин ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага окуу жайдын жалпы жамааты, корей борборунун окутуучулары, студенттер жана мектеп окуучулары катышты. Корей тилиндеги ырлар жаңырып, корей маданиятын чагылдырган бийлер бийленди. Корей борборунун жамааты тарабынан университет жетекчилигине ыраазычылык айтылды.
«Корей борбору окуу жайда мындан бир топ жыл мурун ачылып, корей тилин студенттерге, окуучуларга үйрөтүүдө көптөгөн иштерди аткарып келет. Башка элдин тилин үйрөнүү үчүн сөзсүз ошол элдин маданиятын үйрөнүү зарыл. Ошондуктан бул борбордо билим алып жатышкан студенттер бир эле тил үйрөнүү менен гана чектелбестен ал улуттун маданиятын дагы кошо үйрөнүшүүдө. Бул борбордон билим алган студенттер республикалык ыр сынактарда бир нече жолу жеңүүчү болуп, байгелүү орундарды камсыз кылышкан. Ошондой эле борбор аркылуу студенттер Түштүк Корея мамлекетине мобилдүүлүк программасы боюнча билимдерин улантып жатышат», - деп айтылат маалыматта.