Turmush — Талас шаарынын 41 жаштагы тургуну Жайлообек уулу Бактияр бир нече жылдан бери арашан породасындагы асыл тукум койлорду багып келет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы фермерден кабар алды.
Өзүнүн айтымында, азыр короосунда козулары менен 40ка жакын кой бар.
«Атам Алтымышов Жайлообек илгертеден эле асыл тукум малга кызыгып, 30 жылдан бери арашан породасындагы койлорду багып келе жатат. Мен дагы бала күнүмдөн эле атама жардамдашып жүрүп малга кызыгып калгам. Өзүм үй-бүлөдө 6 бир тууганмын. 1 эжем, 1 карындашым жана 3 агам бар. Атам, апам, келинчегим, балдарым болуп чогуу турабыз. Атам 78 жашка карап калды. Ошентсе да алдуу-күчтүү. Мен жумушка кеткенде 2 балама кошулуп алып койлорду жайгарышат.
Негизи акелерим мектепте окуп жүргөн кезинде малга кызыгып, мал багып эле жүрүшчү. Кийин үйлөнүп, өздөрүнчө бөлүнүп кеткенден кийин малга кызыкпай калышты. Бишкекте турушкандыктан «ак кол» болуп калышкан десем болот (күлүп).
Азыр таза кандуу малды кармап келе жаткан атам экөөбүз. Биз бизнес үчүн эмес, хобби катары кармайбыз. Өзүбүз үчүн багып келебиз. Мурда бул койлорду гиссар деп эле багып жүрчүбүз. 2019-жылдан бери кыргыздын өзүнүн арашан койлору болуп аталган. 2021-жылы мыйзамдуу түрдө арашан деп аталды.
Жыл сайын ар бир облуста эл аралык көргөзмөлөр болуп турат. Былтыр сентябрь айында мага окшоп арашан койлорду баккан жигиттер топтолуп. Таласта көргөзмө өткөргөнбүз. Ошол эле жылы Кара-Балтада эл аралык көргөзмө болду. Биздин короодон 1 кой, 1 кочкор алып бардым. Кой салмак боюнча 1-орунга ээ болду. Боюнун узундугу боюнча 2-орунга ээ болду. Кочкор болсо Таластан боюнун узундугу боюнча 1-орунду алып, салмак боюнча 2-орунга илинди. Бишкектен бою боюнча 2-орунду алды. Кочкордун бою 1 метр 6 см болчу. Аты — Империя.
Ал эми көргөзмөгө катышкан койдун каймана аты — Каракаш. Ал Таласта 133,5 кг менен 1-орунга ээ болгон. 94 см бою менен 2-орунга илинген. Сулуулугу боюнча 1-орунду алган. Кара-Балтадагы көргөзмөдө 133,5 кг салмак менен Кыргызстан боюнча 1-орунду ээлеген. Сулуулук боюнча да 1-орунга ээ болгон.
Былтыркы көргөзмөдөн кийин кочкорубузду (Империяны) 5 миң долларга өзүбүздүн эле таластык жигиттерге саттык. Каракаш коюбузду көргөзмөдөн кийин өзбек туугандар 20 миң долларга сурашты. Бирок саткан жокпуз. Ал өзүбүздүн корообузда, өзүбүз багып келебиз.
Бишкекте Кыргызстан боюнча атактуу Шарпей деген чоң кочкор бар. Быйыл ошонун 2 айлык козусун сатып алдым. Соодалашып, баасын чыгарып, 4 миң 500 долларга бир козу кочкор сатып алдым. Өзүбүздүн койлордун козулары бар. Алдыңкы козуларды 5 миң долларга сурап жатат, берген жокмун. Арты болсо 50 миң сомдон өйдө кетип жатат. Жакында эле козу кочкорду 2 миң долларга саттым. Бирин 1 миң долларга саттым. Жазында кысыр калган ургаачы козулардан 5 баш саттым. Ар бирин 1 миң доллардан бааладым.
Арашан койдун артыкчылыгы берки жөнөкөй койго караганда салмак жагынан бир топ эле оор. Жөнөкөй кой 25-30 кг эт берсе, булар 55-60 кг эт берет. Анан сулуулугу бар, жүнүнүн тазалыгы бар, кулагынын узундугу, куйругу, бүт баары төп келишкен. Тоют жагынан кадимки койлордон бир аз көбүрөөк жейт, өтө деле айырма жок.
Биздин атайын убак-саатыбыз бар. Койлорубуз дагы ошол убакыт-саатка көнүп калган. Эгер убакыттан өтүп баратса, күтүп калышат. Арпа, буудай, төө буурчактын жараксыздарын беребиз. Кышкысын 2 маалдан жем беребиз. Күн жылуу, ысык кезде 1 маалдан жем жешет. Чөптү болсо, эртең менен, кечинде беребиз. Азыркы учурда тууй тургандардан 25 кой бар. Жалпы козусу менен 40ка жакын кой бар. Баары арашан. Кышында Каракаш коюбузду таразага тартканда корообузда рекорд коюп, 153 кг салмакты көрсөттү.
Малдын да малдай түйшүгү бар. Суу берип, чөбүн салып койсоң эле багылып, көбөйүп калбайт. Анын да асты, үстүнө түшүп, убагы менен чөп, жем, суусун берип, сулуулап тарап турушуң керек. Атамдын көп жылдан берки тажрыйбасы бар. Малды жакшы карайт. Азыркы тапта менин 2 балама малды багуунун сырларын үйрөтүп жаткан кези. Алар да үйрөнүп калышты. Чоң атасына кошулуп, чөп, жемин даярдап башташат.
Арашан малдын башын жыл сайын көбөйтө берем деген кыялым бар. Буйруса арашан породасындагы койлордун көргөзмөлөрүнө чыгып, ийгиликтерди дагы да багындырабыз деген ойдомун», - деди ал.
Фермер жубайы экөө 2 уул, 1 кыздын ата-энеси.