Turmush — Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Марат Кожалиев Түркиядан кулпунайдын көчөтүн алып келип, өстүрүп жатат. Анын иши менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.
Марат Кожалиев жерди казып, анын жээгин таш менен көтөрүп, узуну 55 метр, туурасы 8 метр жерге күнөскана курган. Кулпунайдын альбион деген сортун Түркиядан алып келип, атайын идиштерге өстүрүп баштады.
- Альбион сапаты боюнча эң жакшы коммерциялык сорттордун бири болуп саналат. Ал Америкада чыгарылып, суук түшкөнгө чейин мөмө байлайт. Мөмөсүнүн салмагы 30 граммдан 50 граммга чейин жетет.
Марат Кожалиев Кочкор районунун Ак-Кыя айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылында 1971-жылы туулган. Ал пилларамма иштетип, ширетүүчүлүк менен да алектенет.
Учурда ал өстүргөн кулпунайды кардарлар жеринен келип, алып кетип жатышат. Кулпунайдын килограммы 300 сомдон, көчөтү 50 сомдон сатылууда.
«Менин улуу балам Орозобек Түркияда окуп жүрүп, бош боло калганда күнөсканаларга барып жүрүп, ошол жактан көрүп келиптир. Уулум экөөбүз үй-бүлөбүз менен быйыл февраль айынан баштап күнөскана жасадык. Тынбай иштеп, бир топ каражатымды сарптап, күнөскананы бүттүк. Өзүм ширеткеним үчүн бардыгын өз күчүбүз менен жасадык.
Түркиядан кулпунайдын албьион деген сортунун көчөттөрүн, топурагын Россиядан алдырдык. Апрелде атайын идиштерге көчөттөрдү олтургуздук. Ортодо жер шартына көнө албай, бир аз ооруду. Азыр жакшы. Базарга алып чыгып, килограммын 300 сомдон сатып жатабыз. Кулпунайдын бул сорту чоңураак жана ширелүү болот экен. - 27 градуска суукка чыдамдуу. Кышкысын үстүн агро палатка менен жылуулап, жаап эле коёбуз. Жаз алды менен кайрадан отургузуп, ишти улантабыз. Келечекте күнөсканага жылытуучу жабдууларды койсок деген оюм бар», - деди ал.