Turmush — Кечээ, 1-сентябрда президенттин жарлыгына ылайык бардык жогорку окуу жайларында бизнес-инкубатордун ачылыш аземи болуп өттү. Ош технологиялык университетинде буга чейин бизнес-инкубатор ачылып, окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери үчүн эки багытта иш жүргүзүп келген.
Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын жамаатын бириктирген онлайн жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана бардык жогорку окуу жайлардын жетекчилери катышышты. Бизнес-инкубатор студенттердин, магистранттардын, жаш илимпоздордун жана окутуучулардын жаңы баштаган бизнес идеяларын, стартаптарын жана инновациялык долбоорлорун андан ары жогорулатуу жана өнүктүрүү үчүн түзүлдү.
ОшТУ буга чейин эки багытта бизнес-инкубатордо иш жүргүзүп келген болсо, бүгүндөн баштап дагы бир нече багыттар боюнча иш жүргүзүү үчүн долбоорлорду кабыл алды. Стартаптарды түзүү боюнча студенттер үчүн окуу уюштурулуп, окуу курсуна кабыл алынып, окуу курстары башталуу алдында турат. Окууну бизнес-инкубатордо атайын билими бар тренерлер окутушат жана окуудан ийгиликтүү өткөн студенттер өздөрүнүн бизнес план, бизнес долбоорун түзүп «Стартап Кыргызстан» сынагына катышып, ар бир долбоор үчүн акча каражатын утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.