Turmush — Бүгүн, 29-август күнү КРдин эмгек сиңирген артисти Муратбек Кыдыраалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын кесиптештери терең кайгыруу менен билдиришти.
«КРдин эмгек сиңирген артисти Кыдыраалиев Муратбек Төлөевич 62 жашында акка моюн сунду. Мурат агайдын жаркын элеси биздин эсибизде сакталып кала берет. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Маркумду жерге берүү зыйнаты эртең, 30-август күнү саат 10:00дө өзүнүн туулуп-өскөн жеринде Кемин районунун Кызыл-Суу айылында өтөт», - дешти кесиптештери.
Муратбек Кыдыраалиев 1960-жылы 5-февралда Кемин районунда туулган. Жалпы 6 баланын атасы. 1978-1983-жылдары Москванын А.В.Луначарский атындагы жогорку театралдык окуу жайында актердук бөлүмүн аяктаган. 1977-жылы эмгек жолун Кемин райондук маданият үйүндө автоклуб башчысы болуудан баштап, өмүрүнүн акыркы жылдары Нарын театрында артист болуп эмгектенген.