Turmush — Нелли Абылова Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебине директор болуп дайындалды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.
Анын айтымында, Нелли Абылова сынакка катышып, аны ийгиликтүү тапшырган.
Буга чейин аталган мектепти Венера Мырзалымбекова жетектеп келген.
Өмүр баянын катталуу менен окуй аласыз.