Turmush — Жумгал районунун Жаңы-Арык (Кызарт) айылынын Үмөтбай өрөөнүндөгү Килемче жайлоосуна кайын атасынын арты менен чабан болуп келген Нуржан Борукчиева үй-бүлөсү менен акыркы 20 жылдан бери чет элдик туристтерди тосуп, аларга кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын көрсөтүп, жаратылыш койнунда кызмат көрсөтүп келет.
Анын айтымында, бул ишти 2003-жылы башташкан. Андан бери бир канча турист алар тиккен боз үйлөрдө эс алып келишет.
«Бизди 2003-жылы "турист тоскула" десе, мен: "Уй, бээ саап, чабан болуп жүрсөм, кайдагы турист" деп болбой койгом. Бул жайлоого 1997-жылы көчүп келип, мал бактык. Анан абышкамдын тилин алып, 2003-жылдан баштап турист тосуп баштадык. 2003-жылы бизге 14 турист келип, 200 сомдон төлөштү. Ал кезде аябай жакшы акча болчу. Аябай сүйүнүп калдык. "Туризм деген жакшы турбайбы, бир боз үй алалы" деп, силер отурган так ушул боз үйдү алдык. Кийинки жылы дагы боз үй алып, улам көбөйтүп отурдук. Ортодо Соң-Көлдө да боз үй тигип, чет элдик туристтерди кабыл алдык», - дейт Борукчиева.
Килемче жайлоосу Кызарт айылынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жакка келген туристтердин көпчүлүгү 1 күн түнөп, андан ары тоо аралап, Соң-Көлгө сапар тартышат.
Египеттен келген мейман Эльхуссейн Абузейд Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын, акыркы 8 күндөн бери тоолорду кыдырып жүргөнүн айтты.
«Кыргызстан жалаң эле тоолордон турат экен. Бизде Египетте жалаң чөл болгондуктан, бизге тоолор, көк чөп жана көлдөрдү көрүү абдан кызык. Абасы, жаратылышы, элдери абдан жакты. Бул жерде 1 күн түнөп, андан ары Соң-Көлгө чыгып кетебиз. Тоолуу аймактарда ар бир мүнөт сайын аба ырайы өзгөрүп турат экен. Аябай таң калып жатабыз», - дейт Эльхуссейн.
Альпинизм менен алектенип жүргөн франциялык Лионель Кыргызстанга мындан 5 жыл мурун келген. Бул жолу ал үй-бүлөсү менен кайра келип, 2 жума жүрөрүн билдирди.
«Мен 5 жыл мурун келгем. Ленин чокусуна альпинисттер менен баргам. Ошондо Кыргызстандын жаратылышы абдан жаккан. Ошондон улам бул өлкөгө үй-бүлөмдү алып келем деп чечкем. Азыр бул жактабыз. Килемче жайлоосунан ары Соң-Көлгө барып, ал жакта 2 күн түнөйбүз. Кыргызстанда 2 жума жүрөбүз», - деди ал.
Жумгал районунун аймагында чет элдик туристтерди кабыл алган 9 жеке ишкер каттоодон өткөн. Аларга 2021-жылдын жай мезгилинде 167 турист келсе, ички туристтердин саны 200дөн ашкан. Ишкерлер быйыл чет элдик туристтердин саны былтыркы жылга караганда көп болуп жатканын айтышты.