Turmush — Быйыл энергетиктер, гидрокуруучулардын шаары аталган Кара-Көл шаарынын түзүлгөнүнө 60 жыл толот. Turmush басылмасынын кабарчысы шаардын курулушуна салым кошкон инсандар жана алар күбө болгон кызыктуу окуялар тууралуу маалымат даярдады.
Маалымат топтомуна шаардын негизделиши, ГЭСтердин курулушу, гидрокуруучулардын өмүр баяны, шаардын тарыхын жараткан окуялар, эскерүүлөр жана архивдик сүрөттөр камтылган.
Кара-Көл шаарында курулган үйлөр:
Алгачкы каарман — Кара-Көл шаарынын биринчи мэри Рабшан Абытканова.
- Мэрлик кызматка кандайча келип калдыңыз? Анткени ошол маалда саясатта, аттуу-баштуу кызматтарда эркектер басымдуулук кылар эле?
- Ошол кезде Зээбү Кутманова аким болуп иштеп, андан кийин жаңыдан шайлоолор башталып, акимдин ордуна мэрди шайлоо башталган. 2001-жылы 2-июнда шайлоо болду. Мында республика боюнча облуска жана республикага караган 13 шаарда шайлоо өттү. Анан бизден Зэбү Кутманованын талапкерлиги коюлуп, өтпөй калды. Ошол кезде шаардык кеңеште 25 депутат бар эле. Зэбү Кутманова 4 гана добуш алып, мэр болуп шайланбай калды. Анан Президенттик аппараттан «Эмнеге жалгыз аял болсо, өтпөй калды?» деп, кайрадан талапкер катары аял кишини коюну сунушташкан. Ошентип кайра 10-июнда шайлоо болду. Анан ар бир талапкерлерди карап көрүп, облустун губернатору Урманаев мага чыгып айтты. Ал убакта жобо боюнча талапкерди Президенттик аппараттан көрсөтчү, депутаттар шайлачу. Акимди буга чейин буйрук менен бекитип коюшса, мэрлерди жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлат эле. Ошентип үй-бүлөм менен кеңешип, мэрликке талапкерлигимди коюуга макул болуп, депутаттар бир добуштан колдоп беришти.
2004-жылга чейин бир чакырылыш бүткөнчө иштеп, Жалал-Абадга губернатордун орун басары болуп кеттим. 5 айдай иштеген соң революция болуп кетти. Ал жерде иштеп калууну сунушташты, бирок шартка байланыштуу Кара-Көлгө келип, банкты жетектеп иштеп калдым.
Мэр институту киргенден кийин республика жана Жалал-Абад облусу боюнча биринчи мэр айым болдум. Ал эми Кара-Көлдүн тарыхындагы алгачкы мэр болдум.
Ага чейин банкты жетектеп келгем. Бирок шаардын коомдук иштерине активдүү катышып, аялдар кеңешинин төрайымы элем. Шаардык комитеттин ревизиондук комиссиясынын мүчөсү болуп иштедим. Ал кезде финансы органдарынын партиялык уюму өзүнчө эле. Ушул уюмдун жетекчиси (катчы) болуп турдум.
- Сиз мэр болуп иштеген мезгил — 2000-жылдардын башында шаардын абалы кандай эле?
- Мэр болуп шайлангандан кийин — 2001-жылдары жагдай абдан жакшы эмес болчу. Себеби жакырчылыкты жоюу боюнча программа иштелип чыккан. Бир гана арак заводу иштеп, ошол гана салык төлөчү. Анан киреше салыгы бар эле. Шаардын бюджети болгону 19 млн сом болсо, анын 4 миллон сому гана жергиликтүү бюджетке карачу. Көбү республикалык бюджеттен келчү. Кээде айлыкты да бере албай калчубуз. Ал эми шаардын инфраструктурасын жакшыртуу мында тусун.
2002-жылы шаардын 40 жылдыгы белгиленген. Марафон уюштурулуп, андан түшкөн акчага тигүү цехи, эмерек жасоочу цех, чачтарач ачылган. Бир дагы кафе жок эле. Колунда бар адамдарды чакырып, Бишкек—Ош жолунун боюна кафе ачууну сунуштадык. Ошентип «Алина» кафеси ачылды. Ал кезде бүт тойлор Нарын ГЭС ишканасынын (АТПО) ашканасында өтөр эле. Ар ким өзү идиш-аягынан бери көтөрүп барып, той өткөрчү.
Сабиров 25 дарегиндеги көп кабатуу үй.
- Кара-Көл шаары Токтогул ГЭСтин арты менен курулуп калганын айтышат. Сизде бул тууралуу кандай маалыматтар бар?
- 1974-жылы Кара-Көлдө Мамлекеттик жана Промстройбанк СССР (СССР өнөр жай курулуш банкы) деген эки гана банк иштечү. Промстройбанк Москвага түз баш ийчү. Бүт союздук курулуштарды ушул банк кажылап турган. Ал убакта макамы такыр башка эле. Азыркы коммерциялык банктардай эмес. Курулуп жаткан объектини мыгынан баштап, гидроагрегат, трубиналардын бардыгы, автордук көзөмөл, долбоордук-изилдөө, курулуш-монтаждоо жумуштары бүт банк аркылуу өтчү. Окууну бүтүп келгенден кийин аталган банкта иштеп калдым. Эсимде, Токтогул ГЭСнин долбоору 524 млн рублду түзгөн. Анын ичинде 104 миң рублу Токтогул районун көчүрүп чыгуу, аны жайгаштырып, өнүктүрүүгө кеткен. Азыркы Токтогул суу сактагычынын алдында калган райондун эли тууралуу айтып жатам. Ал эми 480 млн рубль ГЭС курууга сарпталган. Ага бир гана ГЭС курулган эмес, анын сметасында Кара-Көл шаарынын да долбоору каралган. Ошол Токтогул жана Күрп-Сай ГЭСтернин долбоорунун ичине ушул Кара-Көл шаарын куруу кирип калган. Мисалы, Пойма кичи районундагы көп кабаттуу үйлөр, барак тибиндеги убактылуу үйлөр кирген. Шаарда эмне курулса, бүт ГЭСти куруунун долбооруна кирген. Демек, Тотогул ГЭСти куруунун артында Кара-Көл шаары пайда болгон деген сөздүн чындыгы ушул экен да.
Ооба, болбосо илгери азыркы шаарга караган Чоң-Таш айылынын колотунда аз гана түтүн эл жашаган экен. Шаардын орду камыш баскан жер болгон деп айтышат. Кийин колхоздоштуруу башталганда аз түтүн эл Ноокен районуна көчүрүлгөн. Бул жерде бирин-экин түтүн калып, ГЭС курулганда келип, 1962-жылы шаардын алгачкы түптөлүшү башталган.
- ГЭС, шаар курулганда кимдер менен чогуу иштештиңиз?
- Келгенде эле СССРдин Энергетика жана электрификация министрлигине караштуу «Нарынгидроэнергострой» курулуш башкармалыгынын башчысы Серый Зосим Львович менен иштешип калдым. Анан Токтогул ГЭС дирекциясынын директору Байбуз деген киши менен иштедим. Андан кийинки директор Болот Иманалиев, Серый, Хуриев, Шевелев, алардын инженерлери менен иштештим, Гуло деген аксакал бар эле. Ал киши жалаң каржылоо жагында биз менен тыгыз иш алып барып жатты.
Биздин Токтогул ГЭСтин бир өзгөчөлүгү — башкаруу пульту ГЭСтин ичинде жайгашкан. Калган ГЭСтерде башкаруу пульту өзүнчө жайгашканын көрүп жүрөбүз. Ал эми Токтогул ГЭСтин ичи өзүнчө эле шаар сымал. Бүт нерсеси ичинде жайгашкан. Ашкана, гараждары ичинде. Ошол себептен ал жерде иштегендер күн көрбөй иштешет. Анан зыяндуу вибрацияда иштешет, ошол себептен айлык маяналарына кошулат.
Кара-Көл шаарында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын №718 аскер бөлүгү жайгашкан. Ал Кыргызстандагы, тактап айтканда Токтогул ГЭС каскады, Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2, Үч-Коргон ГЭС, Таш-Көмүр ГЭС жана Шамалды-Сай ГЭСтеринин аймактарындагы маанилүү стратегиялык объекттерди коргогон жалгыз аскер бөлүгү болуп саналат.
- Сиз шаар башчы болуп турган жылдары Аксы окуясында эл Кара-Көлгө чейин жөө келишкен. Ошондо жөө келген элге кандай жардам бердиңиздер?
- Аксы окуясында Кара-Көл шаары чоң роль ойногон. Себеби 500 киши жөө жүрүп келишти. Ал эми бул жерден 2000 кишини тосуп алып, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. 500 адамга шаар тургундары тамак-ашын берди. Жөө келген эл ооруп жатты. Анткени күз, салкын түшүп калган. Даараткана жок. Жүгөрүнүн арасына кирип-чыгышат. Ар кандай тамак жешет. Дарыкана менен тез жардам унаасын алып барып, токтотуп койдук. 2000 кишини лагерге, жатаканаларга, төрөт үйүнө жайгаштырдык.
- Үй бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
- Жолдошум Аденов Эстебес Нарын ГЭСте АТПОдо (автотранспорт өндүрүштүк бирикме) айдоочу, механик болуп иштеп, Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушунда эмгектенди. Эки уул, эки кызыбыз, 12 неберебиз бар.
Менин ысымымды айылдык кеңештин катчысы ката жазып койгон экен. Атам белгилүү жазуучу Касымалы Жантөшовдун «Каныбек» романындагы «алтын көкүл Раушан» койгом дечү. Ал эми кошуна молдо азан айтып, Равшан фарс тилинен которгондо жарыктын пири Жаркынай деп которуларын айткан экен. Андыктан мага бардыгы жагат. Равшан көбүнчө түштүктө эркектерге ыйгарылат. Ошол себептенби мага көбүнчө Равшан аке деп кайрылып алган учурлар көп.