Turmush — Терек-Суу айылынын тургуну Тынчтык Асанов боз чоподон жасаган чопо чоорлорун 500 сомдон сатып жатат. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Т.Асанов учурда чарба кызматкери болуп эмгектенет. Алдыда кол эмгек мугалими болуу максаты бар.
«Ат-Башы районунун Терек-Суу айылындагы Анарбек Чортеков атындагы орто мектебинде чарба кызматкери болуп эмгектенем. Өзүм Бишкек шаарындагы №92 кесиптик лицейинде окуп, кол өнөрчүлүк кесибин алып чыккам. Ушул өнөрүмдүн аркасы менен бир топ буюм-тайымдарды жасап жатам. Буюрса алдыда аталган мектепте мугалим болуп, жеке устакана ачып, жаш муундарга өз өнөрүмдү таанытып, үйрөтөйүн деген ой-тилегим бар.
Бул кол өнөрчүлүк Кудай берген талант экен. Кичинекей кезимде эле чоподон идиш-аяктарды жасачумун. Чоң аталарыбызда уста кишилер бар болгон экен. Ошолордон дагы өтсө керек деп ойлойм», - деди ал.
Каарманыбыз «Таш-Рабат» жана «Кошой-Коргон» тарыхый комплекстеринин макеттерин жасаган.
«Ат-Башынын Кара-Суу айылынын аймагында жайгашкан «Кошой-Коргон» тарыхый комплексинин макетин жасагам. Мында азыркы абалы эмес, баштапкы көрүнүшүн чалгылдырып жасагам. Турган турпаты толук бойдон чоподон жасалды. Жумушу өтө майда. Ушул макетти жасаганга 1 ай убакыт кетти. Ортодон күнүмдүк жумуштар болгондо жасаганга кол тийбей калат. Илхом келгенде отуруп жасай калып жаттым.
Дагы бир тарыхый мурасыбыз «Таш-Рабаттын» дагы макетин жасадым. «Кошой-Коргон» тарыхый комплексине салыштырмалуу жакшыраак сакталып, жакшы абалда турат. Бул комплекстин макети таш, чопо, картон жана башкадан жасалды. Сырткы көрүнүшү толук таш менен чапталган.
Чопо чоор өңдүү улуттук музыкалык аспаптарды, кумара өңдүү буюм-тайымдарды жасайм. Чопону Ат-Башыдагы Чеч-Дөбөнүн боорунан өзүм тандап алам. Ал жактын чопосу боз түстө болот. Алгач электен өткөрүп, тазалап, анан колдоном. Кызыл чопо бизде аздык кылат. Ошол себептен чоподон жасалган буюмдардын өңү боз. Сатып алууга кызыккандар көп эле. Бир чопо чоорду 500 сомго сатам. Калган буюмдарды жасалышына жараша баалап сата берем», - деди Т.Асанов.
Каарманыбыз үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.