Turmush — Мамлекеттик салык кызматынын Жумгал району боюнча башкармалыгынын башчысы болуп Сапаров Абылбек Сапарович дайындалды. Тиешелүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койгон.
Бүгүн, 17-августта жаңы жетекчини район акими жамаатка тааныштырды. Ага бир катар мекеме жетекчилери катышты.
Бул кызматты буга чейин Октябрь Молдокеев ээлеп келген. Ал ушул эле башкармалыкта башкы адис кызматында иштейт.
- Абылбек Сапаров президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаровдун иниси.