Turmush — 50 сотых жерге помидордун түрдүү сортторун өстүрүп, анда 200 миң сом киреше алууну көздөгөн Нарзан Бердибаев Чүй облусунун Москва районуна караштуу Сретенка айылынын 54 жаштагы тургуну. Анын жашоосу, дыйканчылык иштери менен аймактык кабарчы таанышты.
«Балалыгым, жаштыгым кичи мекеним Сретенка айылында өттү. Негизи биздин айылдын элинин көпчүлүгү мал жана айыл чарбасы менен эмгектенет. Мен көп жылдан бери помидордун түрдүү сортторун өстүрөм. Өзгөчө "Бука жүрөк" деп аталган сорту кардарларды кызыктырууда жана өтүмдүү келет. Анын 2 даанасы эле 1 килограмм болуп, 45 сомдон сатып жатам. Бул сортту айылдыктар "Кемпирдин помидору" деп коюшат. Менимче жумшак, эттүү болгондон улам айтылат шекилдүү. Быйыл 50 сотых жерге ар түрдүү сорттогу помидор өстүргөм. Буюрса, түшүмдүүлүгү жакшы. 50 сотых жерден 10 тоннадай помидор өндүрсөм, 200 миң сомдой киреше түшөт. Бул бир гана помидордон алган кирешем. Андан сырткары кой, уй да багам. Ошентип, элет жергесинде 4 уулум, 3 неберем менен өз турмушумду өткөрүп, базарда помидорлорумду сатып жатам», - деди ал.
Ага катарлаш отурган Беловодск айылынын 70 жаштагы тургуну Гүлзия Табалдиева: «Биз быйыл помидордун "Черри" сортун өстүрдүк. Эми ал жүзүмдөй топ-топ болуп бышты. Анын кызыл, сары түстөрү өтө өтүмдүү болот экен. Мына, чоңдугу алчадай эле болгон помидордун килограммын 50 сомдон сатып жатам. "Черрини" кафеге, ресторанга, той- аштарга көп алышат экен. Себеби, аны жүзүм менен катарлаш койсоң, дасторкондун көркүн ачат жана даамдуу», - деди.