Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айыл өкмөтүндөгү Көөчү айылынын тургуну Үмүт Дүйшөбекова айылдаштарын кондитердик азыктар менен камсыз кылууда. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
«Мен 1997-жылы Көөчү айылында жарык дүйнөгө келгем. А.Кайдуев атындагы жалпы билим берүү мектебинин босогосун аттап, 2015-жылы ийгиликтүү аяктадым. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, 2 кыз жана 2 уул. Апам мугалим болуп иштейт. Мектепти бүтүргөндөн кийин К.Тыныстанов атындагы Ыссык–Кѳл мамлекеттик университетинин филология факультетинде 3 айга чукул билим алып, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу окуумду уланта албай калдым. Ошентип, 2016-жылы өзүмдүн эле айылдашыма турмушка чыктым. Айылыбыз чакан, мен 6-көчөдө жашасам, жолдошум 7-көчөдө жашачу. Азыр 3 баланын ата-энесибиз», - деди ал.
Анын айтымында, таттууларды даярдоо менен биргеликте элеттеги айымдарды сулуулоо менен алек.
«Негизи өзүм бала кезимден бери эле кондитердик таттуу азыктарды жасаганга кызыкчумун. Алгач уулду болуп, анан кызым төрөлөрдө сулуулук жаатында кирпик кошконду үйрөндүм. Айылда кыз-келиндерге тейлөө көрсөтүү үчүн үйдүн бир бөлмөсүнө шарт түзүп алгам. Элет жергесинде шаарга салыштырмалуу кардарлар аз болот экен. Анан бул жылы май айында кондитер боюнча онлайн курс уюшулуп, бул багыттан да өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Жолдошум туура кабыл алып, үй-бүлөм колдоо көрсөтүштү. Ошентип Инстаграм социалдык тармагы аркылуу онлайн окуп баштаганда эле айылдан буюртма кабыл алууга жарнама берип, тез эле кардарлар топтоло баштады. Азыркы тапта торттун бир нече түрлөрүн жана башка таттуу азыктарды жасап жатам. Ал эми торттун баасы көлөмүнө жана курамына жараша 500 сомдон 1,500 миң сомго чейин бааланат», - деди ал.
Каарманыбыз алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.
«Негизи айыл жергесинде жашаган көп аялзаты жумуш жоктугуна байланыштуу үйдө отуруп калышат. Уюлдук телефон көтөргөн соң, кээде убактыбызды жөн гана социалдык желедеги керексиз маалыматтарга жумшап коёбуз. Анткен менен ошол эле инстаграмдан изденип иш аракет кылса болот экен. Мага онлайн билим алуу эч кандай тоскоолдук алып келген жок.
Окуу курсун тез эле өздөштүрүп кеттим. Алдыда баштаган ишимди өнүктүрүп, санитардык-эпидемиологиялык кызматтан уруксат кагаз алып, таттуунун башка түрүн жасап чыгуу максатым бар. Эгер бул ойлорум ишке ашса, айылдан дагы эки-үч кыз-келин жумуш орду менен камсыздалмак. Анан албетте окуумду кайра улантып, университеттен билим алууга аракетимди жумшайм. Анткени апам мугалим болгондуктан билим алуу эч качан кеч эместигин айтып келет», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.