Turmush — Манас районунун Нылды айылынын 44 жаштагы тургуну Алымкул Үсөналиев 5 жылдан бери арашан породасындагы койлорду багып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, эң чоң салмактагы койлору 180-190 кг чыгат.
«Биздин айыл тоолуу айылдардын катарына кирет. Мал бакканга ыңгайлуу айыл десем болот. Мен өзүм дыйкан чарбачылык менен алектенем. Кой багам, жер иштетем. Айылдын жумушу ушул эле да, эрте жаздан баштап талаа жумуштары менен жүрөсүң дегендей. Андан башка мал кармайм. Башында жөнөкөй эле койлорду багып жүрчүмүн. Кийинчерээк арашан асыл тукум койлоруна кызыга баштадым. Ушундай койлорду багып башын көбөйтүп жүргөн агалардан кеңеш сурап, мен дагы багып көрүүнү чечтим. Акырындык менен багып отуруп башын көбөйтүп алдым. Азыркы учурда 50 баш арашан кой бар. Эң кичинеси 4 айлык козунун салмагы 60 кг чыкты. Эң чоң салмактагы койлорум 180-190 кг чыгат.
Атайлап деле базарга алып чыкпайм. Мендей болуп малга кызыккандар өздөрү эле издеп келип сатып алышат. Буларды 5 жылдан бери багып келе жатам. Атайлап жардамчым дел жок. Баарын өзүм карайм. Өзүңдө кызыгуу болуп турса, жасаган ишиңден чарчабайсың да. Бир күнүмдүн тең жартысы ушул койлорум менен өтөт. Убакыт сааты менен суу, чөп, жемдерин берип, алдыларын тазалап турам. Жайыттарга алып чыгам. Башында айтып өткөндөй айылыбыз мал бакканга ыңгайлуу жер дебедимби. Бул жакта сарайлар да бар. Чөп жактан кыйынчылык деле жаралбайт. Анткени көпчүлүк жашоочулар беде чөп айдашат. Мал багып жаткандан кийин сөзсүз беде чөп көп айдам. Жемдерин эле сатып албасам, чөп өзүмдөн чыгат. Был жылда 50 баш арашанга жакшы эле чөп, жем кетип калат. Баккандан кийин союп жеген күндөр да болот. Атайын козуларын союп жейбиз. Эти семиз. Ал бакканыңа жараша болот.
Асыл тукум көрсөтмөлөрүнө чыгып турам. Тажрыйбалуу малчылардан кеп-кеңеш алып турам.
Баккан арашандарымдын баалары ар кандай, 5 миң доллардан 10 миң долларга чейин сатыла берет. Саткан койлорумдун акчасын жок кылбай, ордун толуктап башын тургузуп койом. Мал багыш дагы оңой эмес. Анын түйшүгү да жок эмес. Кээ бирлерине суу берип, чөп салып койсо эле мал багылып калат деген түшүнүк бар экен. Жок, мал багуунуну да өзүнчө бир сыры бар. Мал багуу да бир кесип», - деди ал.