Turmush — Кадамжай районунун Миң-Чынар айылынын тургуну Элчибек Абдилов короосуна жүзүм өстүрүп жыл сайын жарым миллионго жакын киреше табат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, короосунда 18 сотых жерге жүзүм өстүргөнүнө 10 жылдын тегереги болуп калды.
«Үчүнчү жылдан баштап түшүм ала баштагам. Өзүнө жараша түйшүктөрү бар. 18 сотых жерден 6-7 тоннага чейин жүзүм алам. Сатуу жагы ар кандай эле баада. Жалпы киреше 500 миң сомго жакын болот. Ош—Баткен—Раззаков чоң жолунун боюнда жашагандыктан өткөн-кеткендер эле сатып алышат. Быйыл жалбырагын бутоо иштери бир аз кечеңдегендиктен кечирээк бышты. Зыяндуу канаттуулардан коргоо максатында ала канаттуу чымчыктын үнүн бастырып, музыкалык аппараттын жардамы менен жүзүм бакка сайратып койгом. Башка чымчыктар келе албайт. Учурунда дарылап, карап турабыз», - деди ал.
Элчибек Абдилов буга катар эле өз короосуна жергиликтүү эл келип, эс алып тамактана турган орундук да жасап алган.