Turmush — Жалал-Абад шаардык прокуратурасы «Дост-Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулган көп кабаттуу үйдү буздуруу иши боюнча соттон утуп алды.
Сөз Жалал-Абад шаарынын Молодежная көчөсү, 12 дарегиндеги көп кабаттуу үй тууралуу болуп жатат. Жалал-Абад шаардык прокуратурасы «Дост-Курулуш» ЖЧК жана Нурмамат уулу Н.га карата аталган көп кабаттуу үй өз билемдик менен курулган деп таап, аны буздурууну милдеттендирүү боюнча доо менен кайрылган.
Жогорку соттун басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, Жалал-Абад шаардык сотунун 2020-жылдын 23-декабрындагы чечими менен Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын доосу канааттандырылды. Сот жер пайдалануучу — жер тилкесинин ээси Нурмамат уулу Н.ны курулуп жаткан үйдү буздурууга милдеттендирди.
Жалал-Абад облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2021-жылдын 8-октябрындагы аныктамасы менен Жалал-Абад шаардык сотунун 2020-жылдын 23-декабрындагы чечими өзгөртүүсүз калтырылган.
Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2022-жылдын 14-июлундагы аныктамасы менен «Дост-Курулуш» ЖЧКнын кассациялык даттануу үчүн өтүп кеткен апелляциялык сунуш берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча өтүнүчү канааттандырылган жок. Кассациялык даттануу кайтарылды.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Дост-Курулуш» ЖЧКнын түзүүчүсү жана жетекчиси — Шадибеков Эрзат Сабырбекович. Компания 2021-жылы 1-октябрда кайра каттоодон өткөн.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, 2020-жылдын май айына карата «Дост-Курулуш» ЖЧКнын директору катары Сейдалиев Түгөлбай Мейманбаевич, түзүүчүлөрү катары Сейдалиев Түгөлбай Мейманбаевич, Мансуров Түгөлбай Калмаматович көрсөтүлгөн.
Шадибеков Эрзат Сабырбекович — ошондой эле «АБАД СТРОЙ» ЖЧКнын түзүүчүсү. Компания турак үйлөрдү жана имараттарды курат. 2021-жылы 3-августта кайра каттоодон өткөн.
Жалал-Абад шаардык прокуратурасынан Turmush басылмасына билдиришкендей, учурда бул иш боюнча аткаруу өндүрүшү Жалал-Абад шаардык сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүндө жана «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамдын негизинде аткарылып жатат.