Turmush — Керимбек Калыкулов Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук дарама театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош улуттук дарама театрынын директору кызматына буга чейин сынак жарыяланган.
«Бүгүн, 10-августта аны драма театрдын эмгек жамаатына министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды. Кызматка дайындоо тууралуу буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койгон», - деп айтылат маалыматта.
К.Калыкулов буга чейин «Ош ТВ» жана «ЭлТР» телеканалдарында директор, Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматында жетекчи болуп иштеген.
- Калыкулов Керимбек Акматалиевич 1981-жылы 16-июнда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 2 уул жана 2 кызы бар.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.