Turmush — Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков «Алдиер» футбол клубунун президенти Айбек Сулайманов, клубдун машыктыруучулары, оюнчулары менен жолукту. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
К.Кожобеков «Алдиер» футбол клубунун ОшМУнун кармагына өтүшүнө кызыкдар экенин, алдыда клубдан жакшы жыйынтыктарды күтөрүн, клубду Кыргызстандын Жогорку лигасына чыгаруу үчүн каржылык жана материалдык колдоо көрсөтүлөрүн айтты.
«Жыйынга катышкан Кыргыз футбол федерациясынын Ош шаарындагы жана Ош облусундагы өкүлү Тимур Абдуллаев ОшМУнун жасап жаткан бул аракети алкоого татыктуу экенин, Кыргызстандагы ЖОЖдордун ичинен алгачкы профессионалдык деңгээлдеги футболдук клуб түзүлүп жатканы кыргыз футболуна жакшы пайдасын тийгизерин билдирди», - деп айтылат маалыматта.
Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылынын атынан чыккан «Алдиер» футбол клубу 1994-жылы негизделген. 1998-жылдагы сезондо Кыргызстандын Жогорку лигасында дебют жасап, Түштүк зонадагы чемпионаттын алдын ала этабына катышкан.
Кийинки жылдары клуб Кыргызстандын түштүгүндө өткөн облустук мелдештердин катышуучусу болгон. Ал эми 2000-2010-жылдардын этегинде ал аймактагы эң күчтүү командалардын бирине айланган.
Футболдук клуб 1998-жылы, 2014-жылы жана 2016-жылдары Кыргызстандын Жогорку лигасында ойногон. Ал эми Кыргызстандын биринчи лигасында 3 жолу чемпион болгон.
Учурда клубда Куршаб айыл өкмөтүндөгү 200гө жакын футболго кызыккан уландар ойноп келишет.
Буга чейин ОшМУда спорттун волейбол түрү боюнча профессионалдык клуб болсо, эми футболдук клуб да кошулду. Ошондой эле баскетбол жана стол тенниси боюнча дагы профессионалдык клубдарды ачуу иштери жүрүүдө.
Бул иш аракеттер студенттик спортту өнүктүрүү, студенттердин ичинен спортго кызыккандарды таптап, аларды чоң ареналарга алып чыгуу менен өлкөнүн намысын коргоосуна шарт түзүү максатын көздөйт.