Turmush — Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын 23 жаштагы Бактыгул Акматов дарбыздан жылына 60-70 тонна түшүм алууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, дарбыз өстүрүү үчүн үй-бүлөсү да жардам берет.
«Дарбыз өстүрүү идеясы жалпы үй-бүлөлүк идея. Жана ошондой эле дарбыз өстүрүүгө себепкер адамдар да болгон. Дарбыз май-апрель айларында тигилет. Негизинен тигилген күнүнөн баштап 90-100 күн ичиндеги аралыкта бышып жетилет. Дарбыз тигилген соң үстүнөн кленка төшөлөт. Андан дарбыз өсүп чыккан соң кленканы тешип, дарбыздын түбүнө кык сээп коёбуз. Андан кийин ал дарбызды кайрадан бекитилет. Жылына дарбыз 25-35 жолу сугарылат. Биз өзүбүз баккандыктан 35 миң сом коройт. Дарбыз тигүү татаал эле. Биогумус менен багабыз. Тооктун кыгын ачытып, ошол менен сугарылат. Кленканын алдынан суу кетип сугарылат. Дарбыз тирүүнүн эч кандай сыры жок. Биз үчүн жеңил эле. Болгону көп күч талап кылат.
Жалпысынан үй-бүлөбүз менен 6 адам жумуш кылабыз. Инилерим, карындаштарым жана ата-энем менен бирге иштейбиз. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын улуусумун. Менден кийин 3 иним 2 карындашым бар. Алар да жардам беришип, үй-бүлөбүз менен иш кылабыз.
Түшүм жерди караганыбызга жараша болот. Жакшы карап, жер күчтүү болсо, дайыма сугарып, аракет кылсаң ошондой түшүм аласың. Негизинен гектарынан 10 тоннадан 120 тоннага чейин түшүм алышат. Биздики болжолдоп айтканда 60-70 тонна түшүм алабыз. Таластын аба ырайына карата дарбыздын түшүмдүүлүгү жакшы болуп жатат. Кленка менен капталып дайыма ысык болгону үчүн жакшы болуп жатат. Негизи Таласта коон тигүүгө болот. Биз да коонду да тигебиз», - деди дыйкан жигит.