Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылынын борбордук бөлүгүндө кызыл сызыка чыгып, пайдубалы менен мыйзамсыз курулган өтүкчүнүн имараты түрттүрүлбөй келет.
Союз мезгилинен бери «убактылуу өтүк тигип иштегенге» деп берилген жерге, жеңил конструкция менен имарат турмак. Бирок бул жерге кадимкидей эле курулуш жүргүзүп салышкан. Ал эми анын жанындагы «Жеңишбек» дүкөнү өздөрүнө тиешелүү жерди ала албай, же бул көрктү бузган мыйзамсыз курулушту түрттүрө албай арызданып келет.
Акыры соттук ишке чейин барып, бул жай түрттүрүлө турганы белгиленген. Бирок арадан 3-4 жыл өтсө да, аталган курулуш дагы деле көрктү бузуп, түрттүрүлбөй келет.
Соодагер Чолпон Касымалиеванын айтымында, бул боюнча барбаган жери каккылабаган эшиги калган эмес.
«Эмнеге мынчалык кайдыгер жана мажүрөө бийлик болот. Айыл өкмөтү ушул имаратты канча жылдан бери түрттүрө албай келет. Же тааныш-билиши күчтүүбү, айтор менин дүкөнүмдүн сыртына асылышып, «Сыртын актап сырда. Кебетесин оңдо» дешет да, бул өтүкчүгө сүйлөй алышпайт. Мунун иштебей турганына бир топ жыл болду. Убагында мыйзамсыз курулган имаратты ары түрттүрүш керек эле. Укук коргоо органдары да суз мамиледе, эмне кыларымды билбей калдым. Убагында ушуга окшогон аялдамалар, ашканалар, дүкөндөрдүн баары түрттүрүлгөн»,- дейт Касымалиева.
Ал эми дагы бир өтүкчү Кабылбек Абылгазиевдин айтымында, аталган жер муниципалдык, мамлекеттин жери экенин, аталган жерди алыш үчүн «Кадастр» мекемесине барып билгенин айтат.
«Бул жер мурда өкмөттүкү эле. Ал жерде өтүкчүлөр отурушар эле. Бирок кийин эле кебетеси шумдук имарат туруп калды. Же бир иштегенин көрбөйсүң. Бул жерди мен да алыш үчүн каттоо кызматына барганымда, ал жак бош деп айтышкан. Муну түрттүрүп салса деле болот. Айыл өкмөтү эмне кылып жүрөт? Билбейм. Жанындагы дүкөнгө аябай эле тоскоолдуктарды жаратат. Ал соодагердин укугун ким коргойт?» - дейт ал.
Ушундай эле курулуштар Чаек айылында жүздөп саналат. Жада калса райондун борборунда бир алгылыктуу адамдар жөө баса турган тротуарлар жок. Арыктардын эскилиги жетип, айрым учурларда таштандылардын айынан көчөнү суу каптап кетет.
Чаек айыл өкмөтү Рустам Алымкуловдун айтымында, бул жай жакын арада түрттүрүлөт.
«Бул өтүкчүнүн имараты боюнча 2019-жылы соттун чечими чыккан. Сот залында мунун ээси жүрөгү ооруп, тез жардам чакырган. Азыр деле «түрттүрүп бузам» деп жатат. Жакын арада бузулат. Эч бир документи жок, мыйзамсыз курулуш»,- дейт Алымкулов.
Ал эми өтүкчү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.