Turmush — Ош шаарында 99 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери А.К.Тягунова каза болду.
Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анна Куприяновна Тягунова жарык дүйнө менен кош айтышты.
Тягунова Анна Куприяновна 1923-жылы 10-июлда туулган. Согуш жылдарында Украина фронтунун 232-госпиталында аскердик медайым болуп кызмат өтөгөн.
Учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 3 гана ардагери калды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.