Turmush — Кечээ, 5-август күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Түркияга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн велосипед менен жолго чыккан 75 жаштагы калаа тургуну Мамыт Таштановду сапарга узатуу иш-чарасы болуп өттү.
Иш-чарага президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, маданият жана искусство ишмерлери, мэриянын кызматкерлери, тургундар катышты. Ага Ош шаарынын мэриясынан материалдык жардам көрсөтүлдү.
Таштанов 6 мамлекет — Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Армения, Түркия аркылуу жол жүрөт. Ал түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо максатын көздөйт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.