Turmush — Кечээ, 5-август күнү Чүй облусунун Кемин районундагы Боом качыгайында сел жүрүп, суу менен чогуу агып түшкөн шагыл таштар Балыкчы—Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 136-чакырымын жаап салды.
Темир жолду тазалап жаткан кызматкерлердин айтымында, жамгыр 5 мүнөт гана жаап өткөн.
«Өткөндөгү селдин калдыктарын тазалап бүтүп калганбыз. Кайра талкалап кетти. Кайран гана эмгек! Жаӊы эле тазалап бүттүк элек. Өткөнкү күндөгү селден да катуу келди. 5 эле мүнөт жааган жаандын кесепетинен, бери дегенде 2 саат сел болуп агып келди» - деди күбөлөр.
Ушул эле күнү Кемин районундагы маданият үйүндө президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев аталган районунун тургундары менен жолугушкан.
Жергиликтүүлөрдүн айтымында, жыйын бүтүп бийлик өкүлдөрү кеткен соӊ, «Боомдо кайрадан сел жүрдү» деген кабар келген. Ошол эле маалда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы, орун басары, кызматкерлери жана райондун жетекчилери менен бирге кырсык болгон жерге чыгып кетишкен.
Ал эми Кыз-Күйө айылынын башчысы Күмүшай Шаршеналиева төмөнкүлөргө токтолду.
«Кайрадан жамгыр жааса эле сестенип кетебиз. Улам оӊдогон жерибизди кайра бузуп, бушайман кылды. Дубалдарыбызга доо кетпесин деп, арык казып, короолордун ичинен ары алып чыгып жатабыз», - деди ал.