Turmush — Ош облусунда 24 жаштагы Ж.Г.Т. эки айдан бери изделип жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 26-майында милицияга Ош шаарынын 55 жаштагы тургуну М.А. (аял киши) арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын 26-май күнү болжол менен саат 10:00 чамасында кызы Ж.Г.Т. Кара-Суу районунун Шарк айылдык аймагына караштуу Фуркат айылындагы үйүнөн 150 миң сом акча жана алтын буюмдарын алып, белгисиз тарапка чыгып кеткендигиг билдирген. Кызы ошол боюнча дайынсыз жок болуп жаткандыгын жана Бишкек шаарына барышы мүмкүн экениндигин айткан.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 2022-жылдын 26-май күнү Ош ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, аймактык караштуулугу боюнча Кара-Суу РИИБге жиберилген. Ошол күндөн бери милиция кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бирок жүргөн жери аныкталбай жатат. Ушундан улам милиционерлер кызды табууга коомчулуктун жардам сурайт.
Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, арык дене түзүлүштө, ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы узун, кара түстө.
Кийген кийимдери: боз түстөгү жеңи узун кофта, кызыл түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим.
Гаухар Жолболдуева тууралуу маалыматы барлар 03232 5-31-81, 03222 5 81-28, 0553 54-10-10, 0778 18-19-20, 0755 16-04-91 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.