Turmush — Замир Жакыпов Кара-Кулжа райондук электр тармактар ишканасына жетекчи болуп үстүбүздөгү жылдын 2-август күнү дайындалды.
- Ал буга чейин Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасынын башчысынын орун басары болуп иштеп келген. 18 жылдан бери электр тармагында эмгектенип келе жатат. Ошондой эле Ат-Башы районундагы Казыбек айылдык кеңешинде депутат болгон.
Замир Жакыпов 1979-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында туулган. 1986-1996-жылдары Н.Үсөналиев атындагы орто мектебин аяктаган. С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин агрардык техникалык факультетинде билим алган.
Үй-бүлөлүү, 2 уулдун атасы.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.