Turmush — «Түндүкэлектр» ААКтын Токмок шаардык электр тармактар ишканасынын башчысы болуп Сади Кубатбеков дайындалды. Бул кызмат орунга ал ротация жолу аркылуу которулуп келген.
Буга чейин ал Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасын жетектеп келген. Электр тармактар ишкансында жалпы 5,5 жылдык иш тажрыйбасы бар.
Сади Кубатбеков 1991-жылы Нарын шаарында туулган. Ошол эле шаардагы Эсенгул Ибраев атындагы орто мектебин аяктаган. Нарын мамлекеттик университетинде муниципиалдык башкаруу, агрардык башкаруу, энергетика боюнча билим алып, 3 кесиптин ээси болгон. Үй-бүлөлүү 2 баланын атасы.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.