Turmush — Чүй облусунун Кемин районундагы Боом капчыгайында сел жүрүп, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 136-чакырымын жаап салды.
Кемин районундук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, жолду тазалоо иштери аяктап калды.
«Аким Алайбек Жумаев, Кызыл октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы, ӨКМдин жана ЖКККБнын кызматкерлери жеринде жүрүшөт. Учурда жол тазаланып бүткөнү калды», - деп айтылат маалыматта.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.