Turmush — Туристтик мезгилге карата «Ош» аэропорту аркылуу эл аралык каттамдардын кѳбѳйүшүнѳ байланыштуу аэропорттун аймагына кошумча милиция кызматкерлери тартылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 4-августтан тарта аэропорттун аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кошумча милиция кызматкерлери бѳлүндү. Ош ОИИБдин кайгуул күзөт кызматынын ѳзүнчѳ батальонунун туристтик взводунун жана 1-ротасынын кызматкерлеринен, ИИМдин атайын багыттагы полкунун жоокерлеринен турган топтор «Ош» аэропортунун аймагында ѳздѳрүнѳ бѳлүнүп берилген багыттар боюнча коомдук тартипти кѳзѳмѳлдѳшѳт.
Мындан сырткары Кара-Суу райондук ички иштер бѳлүмүнүн милициянын көчмө кабылдамасы да жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алуу боюнча иш жүргүзөт.
Ош ШИИБдин милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери аэропорттун аймагындагы жол кыймылынын коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳгѳ кѳмѳктѳшѳт.
Буга чейин «Ош» аэропортундагы транспорттук милиция бѳлүмүнүн кызматкерлеринин ѳздүк курамы коомдук тартипти кѳзѳмѳлдѳп келген.
«Кошумча күчтѳрдүн катышуусунда бөлүштүрүү нускама ѳткѳрүлдү. Коомдук тартипти сактоодо жарандарга сылык мамиле жасап, мыйзамдуулукту сактоо талабы коюлду», - деп айтылат маалыматта.
------------------------------------------
Буга чейин социалдык тармакта Өзбекстандын Ильес Рашидов [Ilyos Rashidov] аттуу жаранынын кайрылуусу чыккан. Ал азыр Өзбекстандын көп жарандары чет өлкөлөргө Ош шаарындагы аэропорт аркылуу учуп жаткандыгын, себеби ал жерде Самарканд жана Ташкент шаарларындагы баага караганда арзан экендигин айткан. Өзбекстандыктар Ош шаарына такси менен келип, чек арадагы «Достук» пунктунан өтүшөт.
«Бирок өзүнчө мафия түзүп алган таксисттердин тобу бар. Алар ушул иш менен жан багышарын айтып, аэропортко чейин жеткирүүгө ар бир жарандан 500 сомдон жол кире алат. Ал эми аралык болсо 6 гана чакырым. Бир унаага 6-7 адам отурат. Ар биринен 500 сомдон алышат», - деп нааразы болгон.
Толугураак бул шилтеме аркылуу окуңуз.
Бүгүн, 5-августта президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө укук коргоо органдарындагы жетекчилердин катышуусунда жыйын өттү.
Маалым болгондой, жыйында «Ош» эл аралык аэропортундагы жана «Достук» көзөмөл-өткөрмө пунктундагы жергиликтүү такси айдоочуларынын жүргүнчүлөргө кылган терс мамилесин жөнгө салуу маселеси талкууланды.
Ош облустук ички иштер башкармалыгына «Ош» эл аралык аэропортундагы таксисттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тартипке чакыруу тапшырылды. Өз алдынча бааны көтөрүп алган, туристтерге орой мамиле жасаган айдоочулар болсо, мыйзам чегинде чара көрүү керектиги айтылды.
Ошондой эле «Ош» эл аралык аэропортунан «Достук» чек ара бекетине каттаган жарандар үчүн өзүнчө маршруттук каттам киргизүү сунушу айтылды.