Turmush — Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылы түптөлгөнүнө туура 2 жылдан соң 100 жыл болот. 20га жетпеген түтүн менен түптөлгөн айылда бүгүн калктын саны 3 миң адамдан ашат. Turmush басылмасынын кабарчылары айылды кыдырып, ал жердеги жашоо менен таанышып келди.
Айылда фельдшердик-акушердик пункт, мектеп, маданият үйү, спорт клуб курулган.
Бирин-серин эл жашаган учурда тарта калк жыш жайгашканга чейинки абалды көздөн кечирип келе жаткан элеттеги аксакал — 80 жашка таяп калган Анарбек Ажалиев айылдын абалы жакшырганына кубанат. Себеби бир мезгилде топуракка толгон айылга асфальт жол түшүп, бир катар социалдык объектилер курулуп, чоң айылга айланды. Анын айтымында, бул жер кезегинде камыш басып, жолборс мекендеген жер болгон.
«Менин жашым да бир топко барып калды. Бирок биз бала кезде аталарыбыз кайдан, кантип келгенибизди айтып калышчу. Бул жерди тээ илгери камыш басып, жолборс мекендеген экен. Ата-бабаларыбыз адырларда, ар кайсы жерде жашап жүрүшкөн. Колхоздоштуруу башталгандан кийин ошол мезгилдин бийлиги ар колоттогу элди топтоштуруп, жайгаштыра баштаган экен. Менин укканыма таянсам, 1924-жылы дал ушул айылга бир көчөнүн эки тарабына эл жайгаштырылган. Биз негизинен 4 топ уруудан тараган элбиз.
Өзүм 1947-жылы ушул айылда төрөлүп, жаштыгым ушул жерде өттү. Топурак жолдо эле чоңойдук. Эл деле аз болчу. Кийин шагыл төгүлүп, таш көчө деп атап жүрдүк. Таш көчөбүз асфальт жолго айланды. Бир топ социалдык объектилер түштү. Айылда бала бакча, мектеп, маданият үйү, спорт зал, баары бар. Азыр жашоо жеңил, заман жакшы, ушуга шүгүр келтирип жашашыбыз керек.
14 жашымда атам камалып кетип, апам экөөбүз кыйынчылык менен менден кичүүлөрүнө нан таап келчүбүз. Кетмен чаап, кичине нан тапсак, техника айдасам, андан чоңураак нан табарымды билдим. Ар кимдин техникасына жабышып жүрүп, мен да техникага отуруп, чын эле көбүрөөк акча таап баштадым. Загара нан (жүгөрүдөн жасалат) жедик. Жүгөрүнү кууруп, бадырак кылып жеп жүрө берген күндөр өттү. Мен азыркы сонун замандын баркын билип, жашоого чакырат элем», - деди карыя.
Анарбек Ажалиев айыл эмне үчүн Кызыл-Сеңир деп аталып калганын айтып берди.
«Кызыл деген мол болуптур дегенди түшүндүрөт. "Тигинин эгини кызылдай сонун түшүм бериптир" деп калышчу. Сеңир дегени тоодой дегенди түшүндүрөт. Тоодой үйүлгөн кызыл дан деген маанини берет. Биздин жашоочулар ушундай түшүнүктө кабылдашып, айылды Кызыл-Сеңир деп аташкан», - деди карыя.
Анын айтымында, бул айылдагы жашоочулар сыналгыны алгачкы жолу 1958-жылы көрүшкөн. Кечкисин сыналгы көрүү үчүн бүтүндөй айыл эли жыйналган. Жашоочулар сыналгыны алгачкы жолу көргөндө таң калышкан.
«Айылга концерт коюлат эле, аны көрүп, абдан кубанчу элек. 1958-жылы айылдагы уста, жашоосу жакшы Турдумамат Кадыралиев сыналгы сатып келиптир. Айыл эли баарыбыз "кокуй, төрт бурчтуу кутуча дүйнөнүн баарын көрсөтөт экен" деп таңыркап, баарыбыз төрт бурчтуу кутуча тууралуу сүйлөп калдык. Баарыбыз ошол кишинин үйүнө кеч киргенде жөнөчүбүз. Талаа жумуштарынан келип эле, шашылыш чай ичип-ичпей, улуубуз, кичүүбүз, баарыбыз жөнөөр элек. Ал киши сыналгысын терезеден сырт жакты каратып коюп койгон. Үйүнүн астына шалча (палас), жер төшөк салып коет. Айыл эли бир кутучанын түбүнө биригебиз. Бул да ошол мезгилдеги ынтымак болсо керек», - деп эскерди карыя.
Кызыл-Сеңир айылынын башчысы Максат Зулпукаровдун айтымында, учурда айылда 600дөн ашуун кожолук, 3200дөн ашык адам жашайт. Бүгүнкү күндө айылдагы 500 орундуу мектеп капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөрлүп жатат. Айылдын миграцияда жүргөн жаштары акча чогултуп, мектепке, стол, отургучтарды алып беришүүдө. Элет жаштарынын өз демилгелери менен кичи футбол аянтчасын да куруп алышкан.
«Айылдын ынтымагы жакшы. Акыркы жылдары жаштар социалдык көйгөйлөргө кайдыгер карабай, айрыкча сыртта жүргөн жаштар ар кандай колдоолорду көрсөтүп жатышат. Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиевдин элге жардамы эбегейсиз. Ал биздин айыл үчүн эле эмес, кыргыз эли үчүн жаралган дарыгер. Билимдүү кадрлардын чыгуусу айыл үчүн да өнүгүүгө эң сонун өбөлгө болуп берет экен», - дейт айыл башчы.
Кызыл-Сеңир айылынан чыккан белгилүүлөр:
- СССР мезгилиндеги депутат Тыныбек Батыралиев;
- Кыргызстандын мурунку саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев;
- Эл артиси Арзыбек Бедияров;
- манасчы Алимбай Маатов;
- Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов.