Turmush — Бүгүн, 5-августта президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө укук коргоо органдарындагы жетекчилердин катышуусунда жыйын өттү.
Маалым болгондой, жыйында «Ош» эл аралык аэропортундагы жана «Достук» көзөмөл-өткөрмө пунктундагы жергиликтүү такси айдоочуларынын жүргүнчүлөргө кылган терс мамилесин жөнгө салуу маселеси талкууланды.
Буга чейин социалдык тармакта Өзбекстандын Ильес Рашидов [Ilyos Rashidov] аттуу жаранынын кайрылуусу чыккан. Ал азыр Өзбекстандын көп жарандары чет өлкөлөргө Ош шаарындагы аэропорт аркылуу учуп жаткандыгын, себеби ал жерде Самарканд жана Ташкент шаарларындагы баага караганда арзан экендигин айткан. Өзбекстандыктар Ош шаарына такси менен келип, чек арадагы «Достук» пунктунан өтүшөт.
«Бирок өзүнчө мафия түзүп алган таксисттердин тобу бар. Алар ушул иш менен жан багышарын айтып, аэропортко чейин жеткирүүгө ар бир жарандан 500 сомдон жол кире алат. Ал эми аралык болсо 6 гана чакырым. Бир унаага 6-7 адам отурат. Ар биринен 500 сомдон алышат», - деп нааразы болгон.
Толугураак бул шилтеме аркылуу окуңуз.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов аталган жайлар аркылуу каттаган өзбек жарандарынын жана чет өлкөдөн келген туристтердин коопсуздугун сактоо, алар үчүн шарттарды түзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгына «Ош» эл аралык аэропортундагы таксисттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тартипке чакыруу тапшырылды. Өз алдынча бааны көтөрүп алган, туристтерге орой мамиле жасаган айдоочулар болсо, мыйзам чегинде чара көрүү керектиги айтылды.
Ошондой эле «Ош» эл аралык аэропортунан «Достук» чек ара бекетине каттаган жарандар үчүн өзүнчө маршруттук каттам киргизүү сунушу айтылды.