Turmush — Кечээ, 4-августта Ош шаарында коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү.
Отурумдун жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
- Ош шаарында жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча;
- Бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жөнүндө.
Биринчи маселе боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул кызматынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.Арзыбаев маалымат берип, жол кыймылындагы укук бузууларга каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча аталган кызматтын ишинин негизги багыттарына токтолду.
Милициянын кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 6 айында 200 жол кырсыгы катталды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28%га аз. Быйыл кырсыктан улам 4 адам өлүмгө учурап, 281 адам жаракат алса, өткөн жылдын биринчи жарымында 7 адам каза болуп, 383 адам жаракат алган. Жашы жете электердин катышуусу менен жол кырсыгынын саны 65 учурду түзсө, 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында 86 факт катталган.
Мындан тышкары жөө жүргүнчүлөр белгиленбеген жерден жолдорду кесип өткөндүгү үчүн 114 протокол түзүлгөн.
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында дүйнөнүн 10дон ашык өлкөсүнөн келген 229 турист туристтик полиция взводунан юридикалык кеңеш алышкан.
Экинчи маселе боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары У.Жукенов, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары А.Мураталиев маалымат берди.
Аталган ведомстволордун маалыматы боюнча, 58 жарандын арызынын негизинде коррупция боюнча 49 кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында 23,4 млн сом мамлекеттик бюджетке кайтарылган.