Turmush — Быйыл көпчүлүк эс алуучулар Ысык-Көлдүн суусу тартылган аймактарында боз көгүш түстөгү ылай чөкмөлөрүн байкашкан.
Казакстандын тургуну Арсен Байсариевдин айтымында, көл жээгинде эс алып жаткандардын айрымдары бул ылайды алып, денесинин ар кайсы жерине сүйкөп жатканын көрүшкөн.
«Кээ бир индейлер сыяктуу жүзүн боёп, алыстан караганда абдан күлкүлүү көрүнөт. Жергиликтүү тургундар Ысык-Көлдүн баткагы абдан пайдалуу дешет, бирок чындап эле пайдалуубу? Анткени, сырткы көрүнүшүндө адаттан тыш эч нерсе жок — ылай жыты менен», - деди чет элдик эс алуучу.
Ысык-Көл ойдуңу ылай чөкмөлөрүнө абдан бай. Ал эми ылай менен дарылоо — жардамчы медициналык каражаттардын бир түрү болуп саналат.
Физиотерапевт дарыгери Аскарбек Сулейманов Ысык-Көлдүн ылайы кочкул боз же көгүш түстө, күкүрт суутегинин жыты бар экендигин айтат.
«Бул ылайда көптөгөн микроэлементтер бар. Баткактагы биологиялык активдүү заттардын курамында ферменттер, гормондор жана антибиотиктер бар. Адатта, бул ылай термикалык процедура катары колдонулат, аны ооруган жерлерге сүйкөйт. Дары баткак теринин нерв учтарына таасир этүү менен нерв системасынын ишине, кан айлануу, ички секреция бездери, алмашуу процесси жана башкаларга рефлекстүү таасир этет. Баткак менен дарылоо дененин же органдардын жабыркаган жериндеги кан айланууну жакшыртат, сезгенүүнү таратып, зат алмашууну, ички секреция бездеринин ишин оңойт.
Ыйладын курамындагы химиялык заттар бүтүн териге өтүү жөндөмүнө ээ. Артрит жана муун ооруларын дарылоо үчүн ылай ванналары жана компресстер колдонулат. Ал тырыктардын, адгезиялардын, гематомалардын резорбциясын тездетүү үчүн колдонулат. Гинекологиялык ооруларды жана жүлүн жаракаттарынын кесепеттерин дарылоодо жардамчы процедура катары жакшы», - деди дарыгер.
Көл чөкмөлөрү — чөкмө тектердин көл түбүнө чөккөн катмарлары. Пайда болушу боюнча механикалык (майда, орто, кесек, сай таш, кум, чопо), химиялык (бор, мирабилит, таш туз, гипс, акиташ, сода ж. б.), органикалык (чым көң, сапропель, диатомит, дары баткактар ж. б.) түрлөргө бөлүнөт. Туздуу жана тузсуз чөкмөлөрдөн турат. Тузсуз көлдөрдүн чет тарабынан механикалык чөкмөлөр (түрдүү чоңдуктагы таштар, кумдар), орто жеринен чопо, мергель орун алат. Булардын арасында өсүмдүктөр менен жаныбарлардын калдыктары кездешет. Көл соолуй баштаганда, жээктеринде чым көң, ортосунда сапропелит ылайы пайда болот. Туздуу, шордуу көлдөрдө химиялык чөкмөлөр чөгөт. Көлдөр ар түрдүү (мөңгү, карст көлдөрү ж. б.) болгондуктан, пайда болгон чөкмөлөрү да түрдүүчө. Климаттык шарт (ариддик же гумиддик) ар түрдүү чөкмөлөрдүн пайда болушуна алып келет.