Turmush — Ош шаарында унаа айдап качкан шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга 4-август күнү арыз келип түшкөн. Ал арызда 1975-жылы туулган шаар тургуну өзүнө таандык болгон «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү автоунаасын 3-август күнү болжол менен саат 23:30 чамасында үйүнүн жанына коюп, кайра 4-август күнү эртең менен саат 08:00дө таппай калганын билдирген.
Бул факт Ак-Буура милиция бөлүмүнө Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) белгилери менен катталып, автоунааны табуу, шектүүнү кармоо боюнча кызматкерлерге атайын тергөө тапшырмалыры берилген.
Аталган окуя боюнча Ак-Буура милиция бөлүмүнүн 4-шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында унаа шаардагы унаа оңдоочу жайга тормозу иштебей калып, оңдотуу үчүн койгон учурда табылды. Бул кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 2001-жылы туулган тургуну К.С. кармалып, тергөөгө камсыздалды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.