Turmush — Ош шаарында башка адамдын унаасын айдап качкан шектүү табылды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 28-июль күнү Ош шаарынын тургуну — 1996-жылы туулган Э. уулу Э. арыз менен кайрылган. Арызында аталган күнү саат 16:10 чамасында Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндө жайгашкан борбордук базардын жанында токтоп турган «Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам айдап кетип калгандыгын билдирген.
Аталган арыз Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталган.
Алгачкы тергөө аракеттеринин жүрүшүндө арыз ээси Э.уулу Э. күбө катары суралган. Анын айтымында, жогоруда аталган автоунаасын Ош шаарынын Кара-Суу көчөсү аркылуу түштүктөн түндүктү карай башкарып бара жатып, алдындагы кичи автобусту сүзүп алган. Унаасын жолдун четине токтотуп, кичи автобустун айдоочусу менен сүйлөшүп жаткан учурда бейтааныш адам анын унаасынын ачкычын алып койгон. Кийин кичи автобустун айдоочусу менен биргеликте унаа оңдоочу жайга барууну макулдашып, кайра өзүнүн автоунаасына бара жатканда ачкычты алып алган жаран анын унаасын айдап кетип калган.
Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында шектүү катары Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну — 1990-жылы туулган М.Д. тергөөгө камсыздалды.
Шектүү окуя боюнча сурак берип, 28-июль күнү Ош шаарынын борбордук базарында кичи автобуста бара жатканда унаа жол кырсыгына учураганын билдирди. Анын айтымында, унаадан түшүп, «Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаанын ачкычын алып коюп, андан кийин айдап кетип калган.
Учурда арыз ээсине таандык «Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаа тергөө кызматына камсыз болуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.